Ош шаарында коронавируска кабылгандардын дээрлик баары айыгып чыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУлуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгерлери. Архив
Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаада жаңы учур соңку ирет 2-майда катталган. Учурда ооруканада жаткан үч бейтаптын абалы туруктуу.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ош шаарында коронавирус жуктуруп алган 113 адамдын 108и айыгып чыкты. Бул тууралуу калаа мэри Таалайбек Сарыбашов брифинг учурунда билдирди.

Комендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Ош коменданты Нурдинов элге кайрылып, мээнетти текке кетирбөөнү суранды
Анын айтымында, учурда ооруканаларда үч гана бейтап дарыланууда. Тилекке каршы, эки киши каза болгон.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги учурда Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткандардын абалы туруктуу экенин билдирди. Оор абалда же реанимацияда жаткандар жок.

Ал эми Ош облусу боюнча 143 адам COVID-19 жуктурган. Анын ичинен 117си айыгып чыгып, үчөө көз жумду. Учурда бирөөнүн абалы оор, дагы бир жаран реанимацияда жатат.

Калаада жаңы учур соңку ирет 2-майда катталган, андан бери жуктургандар аныкталган эмес.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Лаборатория кызматкер коронавируска анализ менен турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги "коронавирус жок" дегендерге жооп берди
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0