Ишке кирген ишканалардын жаңыланган тизмеси. 15 тармак

Жазылуу
Тизмеге почта, медициналык мекемелер, лабораториялар жана дагы бир топ тармактар кошулган. Өкмөт аларга санитардык эрежелерди бекем сактап иштөө талабын койду.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өкмөт 11-майдан тарта иштей турган ишкана-мекемелердин кечээки берилген тизмесин бүгүн бир топ кеңейтип, жаңылап жарыялады. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Тизмеге почта, медициналык мекемелер, лабораториялар жана дагы бир топ тармактар кошулган.

Иштин түрлөрү:

Төмөнкүлөрдү өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу менен байланышкан ишканалар:

  • нукура, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, суусундуктарды жана азык-түлүктү, анын ичинде кошо чыгарылуучу товарларды өндүрүү (таңгактарды, тоюттарды ж.б.);
  • дары-дармек каражаттарын, медициналык препараттарды, буюмдарды (анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды, медициналык бет каптарды жана халаттарды);
  • күйүүчү-майлоочу материалдарды жана газ баллондорду сатуу;
  • Медициналык мекемелердин иши;
  • Лабораториялардын иши;
  • ТКЧ кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү (суу, канализация, газ, жарык берүү, байланыш, жылуулук, таштандыларды жыйноо жана ташып чыгуу, лифтёрлордун кызматтары);
  • Агынды чуңкурларын (септиктерди) дезинфекциялоо жана тазалоо;
  • Почта байланышынын иши.

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

  • коммерциялык банктардын иши;
  • бажы, каржы жана биржа брокерлеринин иши;
  • микрофинансылык уюмдар;
  • акча алмашуу пунктулары;
  • ломбарддар;
  • камсыздандыруу компаниялары;
  • жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
  • юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (адвакатуралар);
  • кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
  • туристтик агенттиктер жана кызмат көрсөтүүлөрү;
  • басма кызматтары;
  • жалпыга маалымдоо каражаттары;
  • коомдук тамактануу пунктулары, анын ичинде тез тамак жасоо жайлары (жеткирип берүүгө гана).

Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

  • энергетикалык өнөр жай;
  • химиялык жана нефтигаз өнөр жайы;
  • машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;
  • тоо-кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;
  • текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;
  • эмерек өнөр жайы;
  • курулуш жана жасалгалоочу материалдарды өндүрүү;
  • жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

Курулуш чөйрөсү:

  • курулуш объектилери;
  • сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;
  • кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

  • техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;
  • дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;
  • жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

Соода чөйрөсү:

  • интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;
  • курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү), дүкөндөр жана базарлар, жеткирүү;
  • тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды дүңүнөн сатуу (дүң соода түйүндөрү/кампалар/дүкөндөр), базарлар жана жеткирүү;
  • жашыл базарлар (көчөттөрдү сатуу ж.б.);
  • автотетиктер, велотетиктер, комплектилөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү жана базарлары;
  • автосалондор, авторыноктордон сырткары.

Калкты тейлөө кызматтары:

  • чач-тарачтардын жана салондордун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
  • тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;
  • химиялык тазалоо жана клининг.

Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

  • уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда).

Эскертүү: Таблицада 2020-жылдын 26-мартынан баштап уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү киргизилген (ӨА). Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык ишмердик түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Өзгөчө кырдаалда да ушул тизме менен иш жүрөт.

Вице-премьер Эркин Асрандиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу учурда - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев Россия өкмөтүнөн газдын баасын арзандатууну өтүндү
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

1-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0