Мэр Суракматов: Бишкекте бет кап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга чара көрүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертти.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салына турганын калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, санитардык нормаларды бузгандарга, тактап айтканда, бет кап тагынбагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Аларга 1000 сомдон 5000ге чейин айып салуу каралган.

Мындан сырткары Суракматов 3-апрелде санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча Жоруктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертти. Анын алкагында 1000 сомдон 180 миң сомго чейин айып пул салына турганын кошумчалады.

Айыптын көлөмү дарыгерлер, санитардык врачтар жана Ички иштер органдары тарабынан аныкталат.

Коронавирустун кесепети

Бишкектеги көчөлөрдө өзгөчө кырдаал учурда унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри эртең ишке чыккандарга коюла турган жаңы эки талапты атады
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0