Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшыруудан бошотулду

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINЭкзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коё турганын жарыялады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен гана коюлат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта бааларды атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия коё турганы айтылат. Муну менен бүтүрүүчүлөр мектепке барып же онлайн түрүндө да экзамен тапшырбай турган болду.

"Бул чечим биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алынды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды", — деп айтылат маалыматта.

Окуучулар экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп
Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик баа коюлат.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.

Жалпы мамлекеттик экзамендер 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0