БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Республикалык штаб Бишкектин тегерек-четине коюлган карантиндик посттордун тизмесин жарыялады.
Алар:
Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.