Жузумкан Кокумбаева уулусу Максат Султакеев менен

Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек

19608
(жаңыланган 22:19 13.05.2020)
Коронавирус эпидемиясы Максат Султакеевдин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Алгач анын үй-бүлөсүнөн, тагыраагы, апасы экөөнөн COVID чыгып, бир жумага жетпей жакын адамынын өмүрүн алган. Султакеев апасын акыркы сапарга эл катары узата албай калганын айтып өксүдү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирус илдетин жуктуруп алып каза болгон дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын уулу Максат Султакеевди кепке тартты. Карантинге байланыштуу аны менен телефондон баарлашууга туура келди.

Эске салсак, коронавирус инфекциясынын кесепетинен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал 2-май күнү ооруканада дарыланып жаткан жеринен үзүлгөн.

— Максат, апаңыздын арты кайрылуу болсун!

— ...Апамдын жок экенине дагы эле ишене албай жатам...

Отличник здравоохранения КР, врач высшей категории Жузумкан Кокумбаева
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Коронавирус инфекциясынын кесепетинен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал 2-май күнү ооруканада дарыланып жаткан жеринен үзүлгөн

— Адатта коронавирусту бейтаптар менен байланышта болгон медиктер жуктуруп алып жатты эле. Апаңыз №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектечү экен. Вирус ал жакка кантип жетип, кайдан жуктуруп алыптыр?

— Апам бейтапканада үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектечү. Иш бөлмөсүндө медайымы экөө эле отурчу экен. Бирок ал жактан мобилдик топтор коронавируска шектелгендерден анализ алганга чыгып турат. Анализ алып келгенден кийин өзүнчө обочолонбой, бейтапканадагы дарыгерлер менен эле чогуу иштеп жүрө беришерин буга чейин апам айтчу. Ал тургай апам бул маселени көтөрүп, комиссияга мобилдик топторду өзүнчө бөлүүнү сунуштаган.

17-апрель күнү апам акыркы жолу жумушка чыкты. Анда абалы жакшы эле болчу. 18-апрель, ишемби күнү, таенеме куран окуттук. Боорсогун жасап жакшынакай жүргөн. Бирок ал күнү "тамактын даамын жакшы сезбей жатам" деп чарчагансып жаткан. 19-апрелде абалы начарлай баштады. Кечинде "чарчап атам, кичине эртерээк жатайынчы" деп тогуздарда эле жатып алды. Эртеси жумушка бара алган жок. Анткени түнү менен уктай албай чыгыптыр. Дүйшөмбү, 20-апрелде, кесиптештери чалып апамдын жанында отурган медайымды жугуштуу илдеттер ооруканасына алып кеткенин айтышты. Аны укканда апам "бизге да мобилдик топ жөнөткүлө" деп, мени да жумушка чыкпай коё туруумду суранды. Мобилдик топ эки күндөн кийин шаршемби күнү келген. Ага чейин апама медайымдар келип ийне сайып жатышкан. Үчүнчү күнү экөөбүздөн тең анализ алып кетишкен. Бирок жыйынтыгы так чыкпай бешинчи күнү кайра алышты. Ал күнү апам дем ала албай аябай эле кыйналып калган. Башында "анализиңер таза экен" деп чалганда аябай кубанганбыз. Андан кийин эле менден да, апаман да коронавирус аныкталганын айтышты. Ошентип бешинчи күнү экөөбүздү тең Тез жардам кызматы алып кетип, жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырды. Апамды "абалы оор" дешип дароо реанимацияга которушкан.

Акыркы жолу ал киши менен ошондо көрүшүптүрмүн. Андан кийин жүзүн көрө алган жокмун...

Жузумкан Кокумбаева с сыном Максат Султакеевым
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Максат Султакеев: акыркы ирет апам эптеп сүйлөдү, дем жетпей жатканы сезилип турду. Мен ага "апа, мага сарсанаа болбоңуз, жакшы болуп калдым, өзүңүздү жакшы караңыз" деп айтканга эле жетиштим

— Үйдө башка киши жок беле?

— Өзүм эки бир тууганмын. Карындашым турмушка чыккан, өзүнчө турат. Атамдын көзү өткөнүнө көп болду. Үйдө апам, мен, анан таежемдин кызы болуп турчубуз. Ал кыздан, бактыга жараша, коронавирус табылган жок. Эки жолу анализ алышты, экөө тең таза чыкты.

— Ооруканада жатканда апаңыздын абалынан кабар алып турчусуз да. Акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

— Апам 1-майда кечки саат тогуздарда үзүлүптүр. Ага чейин аны менен саат 18:30дарда телефон аркылуу сүйлөшкөм. Көрсө, ошондо акыркы сөзүн, керээзин айтыптыр. Алгач мессенджерден мага кат жазган окшойт. Анысы кетпей калып анан чалыптыр. Эптеп сүйлөдү, дем жетпей жатканы сезилип турду. Мен ага "апа, мага сарсанаа болбоңуз, жакшы болуп калдым, өзүңүздү жакшы караңыз" деп айтканга эле жетиштим. Шашкансып бат эле сүйлөп анан өчүрүп койгон. Бирок андан айрылып калам го деп ойлогон эмесмин. Ошону менен апамдын үнүн уккан жокмун...

(Бир саамга чейин респондент менен сүйлөшө алган жокпуз. Андан кийин "апам абдан жакшы ырдачу. Бул видео апрелдин аягында тартылган" деп апасынын ырдап отурган видеосун жөнөттү)

— Коронавирус мага да жукканы апамды катуу ойго салды окшойт. Апам мени Макыбай дечү. Вирус аныкталганын угуп, Тез жардам кызматы келгиче кийимдерди салыштырып жатканбыз. Ошондо "Макыбай, карасаң менден сага да жугуп калганын" деп аябай өкүнгөн эле. Үзүлөрдө дагы "балам кандай болуп калды, анализи жакшы чыктыбы?" деп дарыгерлерден улам-улам сураптыр. Аны кийин айтышты. Байкушум мага жугузуп алганына аябай кайгырып, ошол да оорусуна кошул-ташыл болгон окшойт.

Отличник здравоохранения КР, врач высшей категории Жузумкан Кокумбаева
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Максат Султакеев: Вирус аныкталганын угуп, Тез жардам кызматы келгиче кийимдерди салыштырып жатканбыз. Ошондо "Макыбай, карасаң менден сага да жугуп калганын" деп аябай өкүнгөн эле

— Сиз да коронавирус менен алышкан турбайсызбы. Дарт кандай формада өттү? Айрымдарында эч кандай белгиси жок өтүп кетет экен.

— Мен жөнөкөй эле палатада болдум. Бирок дем жетпей, кислород алып жаттым. Пневмония деп күчтүү дарыларды берип жатышты. Учурдан пайдаланып коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирет элем. Үй бетин көрбөй иштешет экен. Кийген кийимдеринин бир жеринде жылчык жок. Тердесе терин аарчый алышпайт. Көз айнектери бууланып кетет. Бейтаптарды карап чыккыча ажатканага да барышпайт окшойт. Аларды көрүп аябай боорум ооруду. Апамдын арбагы деле ыраазы болсун, кийин ага куран окутканда дарыгерлерди да чакырам.

Отличник здравоохранения КР, врач высшей категории Жузумкан Кокумбаева
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Жүзүмкан Көкүмбаева бир уул, бир кыздын энеси эле

— Дарыгерлер чалып "коронавирус аныкталды" деп айтканда оюңузга эң биринчи эмне келди?

— Чынын айтсам, бизден коронавирус аныкталганда апам каза болуп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени бизге чейинки бейтаптын көбү эле айыгып чыгып жатпады беле. Сакайып чыгабыз деп ойлодук. Реанимацияга жаткырганда да "ал жакта жакшы карашат" деп ойго жамандык келген эмес.

— Дүйнө салганын ооруканадан уккан турбайсызбы?

— Ооба, суук кабарды ооруканадан уктум. Ыйлай албай, ишене албай эле нес болуп отуруп калдым. Кучактап ыйлап алайын десең жаныңда жакындарың жок, жаман экен. Эртеси күнү эле дарыгерлер кайра анализ алып таза чыкканын айтышты. Эң башкысы, апамдын жаназасына турганга, өз колум менен топурак салганга жетишип калдым. Жүзүн көрбөй калсам да топурак салдым. Азыркы күнгө чейин анын каза болгонуна ишене албай жатам. Эшиктен кирип келип эле "апа, мен келдим" деп айткым келет...

Отличник здравоохранения КР, врач высшей категории Жузумкан Кокумбаева
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Максат Султакеев: апам комиссияга коронавируска шектелгендерден анализ алган мобилдик топторду дарыгерлерден өзүнчө бөлүүнү сунуштаган

— Коронавирусту жуктуруп алып каза болгондорду буга чейин 10 чактыдай эле киши койгону айтылган. Сиздерде да ошондой болдубу?

— Апамды эл катары үн чыгарып, мал союп, боз үй тигип узата алган жокпуз... Моргдон сөөгүн кепинге ороп, сыртынан коргоочу пакетке салып беришти. Ал жактын автоунаасы түз эле мүрзөгө алып барып, жаназасын окууру менен жерге бердик. Жаназага турганга 10дон ашык киши келбесин деп мэрия талап койгон. Бирок 15тей киши болду окшойт. Сөөктү жерге берери менен баргандар куран окуп үйлөрүнө тарады. Баарынын тең көзүндө кооптонуу байкалып турду. Айтор, баары башкача өттү. Жаназага тургандарды үйгө алып барып куран окута алган жокпуз. Анткени үйдөн коронавирус чыккандыктан 14 күн карантин, ага чейин эч ким киргенге болбойт. Азыр карындашым экөөбүз эле калдык.

— Жумушка чыкканда сизден кесиптештер кооптонот деп корккон жоксузбу?

— Эл менден корксо, мен элден коркуп жатам. Анткени күчтүү дарыларды сайгандыктан, биздин иммунитет түшүп кетет экен. Дарыгерлер "абайлап жүр, башкаларга сенден вирус жукпайт, сага кайра жугуп калышы ыктымал" деп айтышкан. Ошондуктан обочолонуп жатам.

Жузумкан Кокумбаева с сыном Максат Султакеевым
© Фото / из семейного архива Максата Султакеева
Максат Султакеев: Эң башкысы, апамдын жаназасына турганга, өз колум менен топурак салганга жетишип калдым. Жүзүн көрбөй калсам да топурак салдым

— Бул суроонун берген өзү одоно болсо керек, бирок ошентсе да сурай кетейин. Компенсация маселеси боюнча бийликтен бирөө-жарым чалдыбы сизге? Эмне деп жатышат?

— Чынын айтсам, бул темада сүйлөшкүм келген жок. Бийлик өкүлдөрүнөн эч ким деле чала элек. Мен үчүн акча башкы нерсе эмес. Ушуну учурдан пайдаланып айтып коёюнчу. Апамдын каза болгондугу тууралуу маалымат сайттарга чыккандан кийин айрым адамдар анын алдына "акча үчүн өлдү, жуктурду" деген сөздөрдү жазышыптыр. Бул мага абдан катуу тийди. Бардык нерсени убакыт көрсөтөт.

19608
Белгилер:
маек, уул, медик, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1068)
Тема боюнча
Эне жана баланы коргоо борборунда ЛОР менен акушерден коронавирус табылды
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Сөөк коюу жумушчулары иш учурунда. Архив

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

271
(жаңыланган 22:41 03.07.2020)
Өлүм менен өмүр жанаша жүрөт деген нерсе айныксыз экенин акыркы күндөрү COVID коогалаңы көрсөтүп жатат. Sputnik адиске кайрылып, коронавирустан, пневмониядан көз жумган маркумду акыркы жайга узатууда кандай эрежелерди сактоо керектигин сурады.

Кыргызстанда акыркы суткада 23 адам пневмониядан каза тапты. Коронавирустан жалпысынан 76 кыргызстандык көз жумду.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Эрнис Акунов элге бул жаатта кеңешин айтты.

Аталган жугуштуу оорудан каза болгон кишинин үй-бүлөсү менен кантип байланышта болуу керек?

Эгерде ал ооруканада коронавирустан каза тапса, сөөктү патологоанатомиялык кызматка жөнөтүшөт. Киши ооруканага түшкөндө үзүлгөн учурлар болот. "Пневмония" диагнозу коюлганы менен COVID бар деп айтышкан жок. Анда сөөк бизге (соттук-медициналык экспертиза борборуна — ред.) келет.

Үйүндө көз жумгандарды да бизге алып келишет. Эгерде маркум үйүнөн өлсө, туугандары алгач милицияга чалышы керек. Себеби тергөө тобу түзүлүп, анын курамына биз киребиз.

Сөөктү адистер кантип, эмне менен жуушат?

Биздин кызматкер атайын костюм кийип сөөктү жууп, атайын аралашма менен дезинфекциялайт. Эгерде өлгөн киши мусулман болсо дезинфекцияланган кепинге оройт да, анын сыртынан клеенка каптайт. Андан соң кийизге оройт. Ошол тейде сөөктү туугандарына берет. Эске сала турган нерсе — алар маркумду дал жерге берер күнү алып кетишет. Көз жазгырып, өлүкканадан сөөктү үйүнө алып барбашы керек. Инфекциянын ошол жердегилерге жугуп калуу кооптуулугу өтө жогору.

Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет

Эгерде башка диндеги адам өлсө, анда деле сөөктү дезинфекцияланган кездемеге, андан соң полиэтиленге орошот. Ошондон кийин кийим кийгизген сымал кылып, табытка салып, бекитип, жерге бергендей кылып беришет.

Сөөктү жерге берүүдө кайсы бир кызматтар көзөмөл кылышы керекпи?

Мүрзөгө көмгөнү барганда жок дегенде бир эпидемиолог кошо жүрүп, элдин сөөктү кармалабашын көзөмөлдөп турганы оң.

Кыргызстанда коронавирус чыкканда Ош облусунун Ноокат районунда эл эрежелерге түшүнүү менен мамиле жасашкан. Көрүстөнгө чейин бир эпидемиолог, ал тургай милиция кошо барып турган. Азыр каза тапкандар көп болууда, көзөмөл кандай болуп жатканын айта албайм. Эпидемиологдор жетишпей жатат. Балким, буга Ички иштер министрлигин тартыш керектир. Бул биздин компетенцияга кирбейт.

Пневмония менен COVID-19дун эмне байланышы бар?

Адатта коронавирус инфекциясынын кабылдап кетиши пневмония катары эсептелет. Адам каза болсо, анын себебин эмнеге COVID эмес, пневмония деп жатышат. Бул ПЦР-тест жасалбаган үчүнбү?

Биз ооруканадан сырткары болгон пневмония деген диагноз койгонго мажбур болуп жатабыз. Анда коронавирус болгон-болбогонун чындыгында айта албайбыз.

Эгерде киши пневмониядан өлсө, анын организминде коронавирус жүрүшү толук мүмкүнбү?

Ооба. Ошондуктан туугандары жоопкерчилик менен карап, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сакташы керек. Бул туурасында элге тажабай айтып келебиз.

Жакында бизге коронавирус болушу мүмкүн деген кишинин сөөгүн алып келишти. Туугандары сөөктү Ат-Башыга алып кетебиз дешти, бирок биз менен сүйлөшкөндөн соң алыс жолго алып чыкпай, бул жерден көмө турган болушту.

Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

Болгон өлүк каадасын соттук медэкспертизанын имаратында жасап калганга аракет кылышат. Эгерде маркум коронавирус инфекциясы жугуп каза тапты деген шек жаралса же пневмония, же COVID-19дан көз жумса, ири алдыда эч кимди тийгизбей туруп, дароо милиция чакыруу керек.

Тууганы коронавирустан өлдү деп шек жаралып, бизди чакырган учурда алар биздин кызматкерлерди эшиктен тосуп алганын көп көрөбүз.

271
Белгилер:
пневмония, экспертиза, кооптуулук, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы
Аэропорттун кызматкерлери иш учурунда. Архив

Дарыны компаниялар эмес, ташып келгендер кымбаттатып жатканы айтылды

39
(жаңыланган 21:34 03.07.2020)
Жыйын учурунда фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер жүргүзөрүн белгилешкен. Мэрия алар менен иштешүүнү убада кылды.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, препараттардын кымбатташы боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияга калаа тургундары дарылардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы боюнча көп кайрылышкан.

Мындан улам санитардык нормаларды сактоо менен чогулуш өткөрүүнү туура көрүшкөн. Ага аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, фармацевттер жана укук коргоо органдары менен Финполициянын (ЭКККК) өкүлдөрү катышкан.

"Биз ишкерлерди дарыга суроо-талап күчөп жатканда бааны көтөрүп, алып сатарлык менен алектенбөөгө чакырдык. Препараттын наркын өзүм билемдик менен көтөргөндөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерттик", — деп айтылат маалыматта.

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

Өз кезегинде фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер түзөрүн белгилешкен.

Мэрия бул пикирди эске алып, препарат алып келгендер менен сүйлөшүүнү убадалады.

39
Белгилер:
кымбаттоо, баа, дары, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

0
(жаңыланган 22:32 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында, эң кызыгы, америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп", — жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

0
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты