Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды

Чекесинен сылап... Жээнбеков чек ара чырында жарадар болгон аскерлерди барып көрдү

744
(жаңыланган 11:44 12.05.2020)
Жоокерлер учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил военнослужащих, получивших ранения в ходе недавнего приграничного инцидента
    Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил военнослужащих, получивших ранения в ходе недавнего приграничного инцидента
    Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил военнослужащих, получивших ранения в ходе недавнего приграничного инцидента
    Ага ылайык, жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери Мирбек Султанбек уулу, Манас Абдисаит уулу жана Чыңгыз Турдубай уулу учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил военнослужащих, получивших ранения в ходе недавнего приграничного инцидента
    Президент чек арачыларга колдоо сөзүн айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил военнослужащих, получивших ранения в ходе недавнего приграничного инцидента
    Ошондой эле өлкөгө ак ниет кызмат кылгандыгы жана мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды

Ага ылайык, жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери Мирбек Султанбек уулу, Манас Абдисаит уулу жана Чыңгыз Турдубай уулу учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент чек арачыларга колдоо сөзүн айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады. Ошондой эле өлкөгө ак ниет кызмат кылгандыгы жана мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган. Кийин алар Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келинген.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик элчисине нааразычылык нотасын тапшырган.

744
Белгилер:
ден соолук, чек арачы, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Баткен жана Согду облусунун өкүлдөрү жолугуп, убактылуу чечимге келди
Тынчсыздантат! ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

16
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

16
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт
Гүлдөгөн талаа. Архив

Министр: 1-июндан тарта кыргызстандыктар тоо, капчыгай, көлгө бара баштаса болот

30
Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-июндан баштап тоо, капчыгай, көлгө тоскоолдуксуз бара алышат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул датадан тарта аталган жерлерде бардык шлагбаумдар алынышы керек. Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти. Анткени жолдо санитардык-карантиндик посттордон документ текшерип, дене тапты өлчөп калышы ыктымал.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

30
Белгилер:
коронавирус, эс алуу, капчыгай, көл, тоо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?
10 объектини кыдырсаң, ардактуу турист болосуң! Өлкөдөгү өзгөчө сынак
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
Баткен облусундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү

Лейлекте мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду

0
Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 миллон сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен облусундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

  • Завершилось строительство нефтеперерабатывающего завода в Лейлекском районе в Баткенской области
    Баткен облусундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Завершилось строительство нефтеперерабатывающего завода в Лейлекском районе в Баткенской области
    Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Завершилось строительство нефтеперерабатывающего завода в Лейлекском районе в Баткенской области
    Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев долбоорду Кытайдын жана АКШнын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырганы маалым болду.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Баткен облусундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү

Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев долбоорду Кытайдын жана АКШнын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырганы маалым болду. Курулушка 1,5 миллион доллар жумшалган.

“Ишкананын бир айда 2 миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1 миң тонна мазут өндүрүү мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми келечекте айына 5 миң тоннага чейин мунай затын кайра иштетүүнү пландап жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын кени 1,9 миллион тоннаны түзөрү белгилүү болду.

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу сорту толугу менен бышты
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ишканасынын Кайрагач тилкесинде бир айда өндүрүлгөн 1 миң тонна мунайды кайра иштетип, андан сырткары жакынкы чет өлкөлөрдөн бир айда 2 миң тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.

Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 миллион сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылды. Ошондой эле жергиликтүү 25 тургун туруктуу жумуш орун менен камсыздалары айтылды.

0
Белгилер:
экономика, ишкана, Лейлек району, Баткен облусу
Тема боюнча
ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү