Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтып баратабы? Соңку статистика

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер оорукананын кызыл зонасында. Архив
Медициналык кызматкерлер оорукананын кызыл зонасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөдө 316 бейтап коронавирустан дарыланууда. Алардын ичинен жети адам оор абалда, төртөө реанимацияда жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун тарашы боюнча тенденция ылдыйлап бара жатканын билдирди.

Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан 21 бейтап айыкты. Жалпы саны 709 болду
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, оору 12 кишинин өмүрүн алып кетти.

Учурда республиканын ооруканаларында 316 адам дарыланууда. Алардын ичинен жетөө оор абалда, төртөө реанимацияда жатат. Орточо оор абалда - 75, канааттандырарлык абалдагы 234 бейтап бар.

"Ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Көпчүлүгү байланыш аркылуу жугузган. Анализ көрсөтүп тургандай, 60 жаштан жогорку адамдар көп ооруйт. Азыркы тапта коронавирустан айыккандардын көрсөткүчү 79,5 пайызды түздү. Ал эми ооруканада жаткандардын 2,8 пайызы оор абалда, 24,4 пайызы орточо оор абалда, 72,8 пайызында илдет жеңил, симптомдору жок өтүп жатат", — деди Үсөнбаев.

Аймактар боюнча COVID-19 жуктургандардын саны:

  • Бишкек шаарында — 282;
  • Ош облусунда — 180;
  • Жалал-Абад облусунда — 147;
  • Нарын облусунда — 136;
  • Ош шаарында — 113;
  • Чүй облусунда — 87;
  • Баткен облусунда — 24;
  • Ысык-Көл облусунда — 12.

Ал эми Талас облусунда бир да учур катталган жок.

Белгилей кетсек, COVID-19 жугузуп алган 241 медиктин 186сы айыгып кетти. Мындан сырткары, 14 кош бойлуу аял дагы илдетке кабылып, айрымдары сакайып үйүнө чыкты.

COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 4 594тү түзөт. Обсервация жайларында 1109 киши жатат. Акыркы бир суткада 1621 анализге изилдөө жүргүзүлдү.

Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында коронавируска кабылгандардын дээрлик баары айыгып чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0