БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш кызматкеринен COVID-19 табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Буга чейин Москва көчөсүндө жайгашкан бул ооруканада жаткан эки бейтап баладан, үч энеден жана эки медиктен коронавирус аныкталгандыгы белгилүү эле. Анда инфекцияны ооруп жаткан баланын энеси Жалал-Абаддан жуктуруп келгени айтылган. Кийинчерээк инфекция төрөт бөлүмүнүн ЛОР-дарыгеринен чыккан.
Үсөнбаевге брифинг учурунда төрөт үйү жабылып калдыбы деп суроо узатышты.
"Ал жакта кош бойлууларды кабыл алуу токтоп, аларды башка жактарга бөлүп жатышат. Дезинфекция жүргүзүлүп, кызматкерлер обсервация режиминде. Борбордон жалпы 5 кызматкер ооруп калды: үч дарыгер, санитарка жана акушер. Учурда 27 адам байкоодо турат. Абал көзөмөлдө", — деди Үсөнбаев.
Клиникалык төрөт үйүнөн 10-25-май аралыгында кош бойлууларды жана төрөй тургандарды кабыл алуу убактылуу токтогондугун айтышты. Обсервация шартында бейтаптар менен иштеп жаткан кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн. Бардык кызматкерлер менен бейтаптардан ПЦР-анализ алынган.
"Карантин убагында аталган жайга бара турган кош бойлуу жана төрөй тургандарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алат. Аймактардагы ай-күнүнө жетпей калган бардык төрөттөр Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго жөнөтүлөт", — деп билдирди Республикалык штаб.
Бүгүнкү күндө клиникалык төрөт үйүндө көзөмөлдө 111 бейтап, 64 аял бар. Алардын ичинен 10у кош бойлуу. Калгандары жаңы төрөгөндөр жана 47 ымыркай, алардын ичинен 11и реанимацияда экендиги айтылды.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.