Официант иш учрунда. Архив

Ар бир үчүнчү ресторан жабылуу коркунучунда. Коомдук тамактануу жайларынын абалы

5897
(жаңыланган 13:05 12.05.2020)
Коронавирус каатчылыгынан улам кымбат тамактануу жайлары, банкеттик залы кенен ресторандар өтө кыйын абалга тушугат деп эсептейт ресторатор Регина Сманова.

Бишкектеги кафе-ресторандар карантин маалында кырдаалга туруштук берүүгө жапырт тырышканын белгилейт ресторатор Регина Сманова. Анын айтымында, үйгө тамак жеткирүү кызматы деле коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлеринин үмүтүн актаган эмес.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ресторатор Регина Сманова: Баары жабылганда кандайдыр киреше табуу үчүн көпчүлүк тамак жеткирүү кызматын көрсөтүүгө киришти. Чындыгында көбү үчүн бул жаңылыштык болду.

— 11-майдан тарта өзгөчө абал алынды, канча бир убакыттан кийин кафе жана ресторандар ишин жандандырат. Кооптонуу барбы?

— Билишимче, бизге 1-июндан эрте ачылууга уруксат берилбейт. Андыктан келечекте бизди эмне күтөрүн толук баамдай элекпиз. Чочулаганын эч ким ачык билдире элек, бирок биз элестеткенден кыйла жаман, кейиштүү болот деген кооптонуу күч.

— Кафе жана ресторандардын көбү тамак жеткирүү менен алектенүүгө өттү. Бул аракет тамактануу жайларынын үмүтүн актадыбы?

— Баары жабылганда кандайдыр киреше табуу үчүн көпчүлүк тамак жеткирүү кызматын көрсөтүүгө киришти. Чындыгында көбү үчүн бул жаңылыштык болду. Кантсе да ресторандар көрктүү жагдайды сунуштайт. Ал эми ресторансыз, желим кутулардагы тамак-аш анчалык кызык эмес. Башынан тамак жеткирүүгө ылайыкталган жайлар бар, аларда баары мурдагы калыбында.

Эмнеге үйгө тамак жеткирүү кызматы өзүн актаган жок? Үйдө отургандардын баары өздөрү тамак жасап, сырттан тамак алдыргандар аз. Ресторандар үчүн бул анча пайдасыз, себеби кыскартылган болсо да штатты кармоого туура келет, тамак жеткирүү чыгымдарын да көтөрөт: курьерге, желим табактарга төлөнөт... Ачык айтканда, буюртма аябагандай аз. Чакан жайларды алсак, аларда күнүнө орточо 10 буюртма бар, кирешеси өтө эле аз. Эптеп-септеп кызматкерлердин айлык акысын чыгарат, өздөрү пайда деле көргөн жок.

Айрым ресторандар үчүн бул — унутулбоонун, рынокто кармалуунун гана ыкмасы. Бирок экономикалык жактан таптакыр пайдасыз.

— Сулуулук салондору, ал тургай туристтик фирмалардын иши жанданып, ал эми ресторандардын ачылбаганы сизге кызыктай туюлган жокпу?

— Биздин чөйрөдө ар убак башка адамдар менен байланыш күч. Эгер салондо мастер бир кардар менен гана иштесе, кафе-ресторандарда бир мейманга бир нече кызматкер туура келет. Анан да залда бир эле киши отурбайт, ошондуктан тыюу салуу негиздүү.

— Тамактануу жайлары ачылат, адамдар карантин эрежелерин сакташпайт, коронавирус күчөйт, анан борбор калаага кайрадан өзгөчө абал киргизилет деп боолголоп жатат көпчүлүк. Эмне кооптуурак? Илдетке чалдыккандардын баары аныкталмайынча ачпай кое туруубу же тобокелге салып рынокко чыгуу коркунуч туудурабы?

— Бир апта мурун эле бардык жайлар ачылганда мурдагы шатыра-шатман жашоо башталат, ресторандар кардарларга толо түшөт деп ойлогом. Божомолдоштун кажети жок, анткени кырдаал ар бир саатта өзгөрүүдө.

Азырынча бир гана нерсени так айтууга болот: рестораторлор түзүлгөн кырдаалдын алкагында жашоого тийиш. Бул биздин бизнесибиз, акча табышыбыз керек деп эле кардарларды же кызматкерлерибизди тобокелге салууга акыбыз жок.

Көңүлдү жай кылып, эреже жана тартипке баш ийип, системага каршы чыкпай турганыбыз дурус. Өзүбүздү гана эмес, алгач элди ойлойлу. Ошондуктан ишти баштоого расмий уруксатты күтүүдөн башка жол жок.

© Фото / предоставлено Региной Смановой
Регина Сманова: Азырынча бир гана нерсени так айтууга болот: рестораторлор түзүлгөн кырдаалдын алкагында жашоого тийиш. Бул биздин бизнесибиз, акча табышыбыз керек деп эле кардарларды же кызматкерлерибизди тобокелге салууга акыбыз жок.

— Көптөгөн кыргызстандыктар карантин маалында коомдук тамактануу жайлары эч нерсе жоготкон жок деген ойдо. Ижарачылар акы алган жок, кызматкерлерди акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарышты. Пайда албетте жок, бирок зыян да тарткан жок дешет...

— Биз карантинге чыгып, ресторандарыбыз жабылганда эле чыгым тартканбыз. Мисалы, бардык азык-түлүктү санап, эсептен чыгарууга мажбур болдук. Айрымдарын гана тоңдурууга тырыштык, бирок баары бир сактоо мөөнөтү өтүп кетти. Бул дагы бизге чыгаша алып келди.

Насыя төлөгөндөр үчүн кыйын болду. Карызын төлөш үчүн адамдар кайра насыя алууга аргасыз, бул дагы чыгашаны арбытат.

Ооба, кээ бирөөнөн ижара акысын алышкан жок же арзандатышты. Бирок баары эле андай жолдуу эмес экен! Ижарачылардын да өз милдеттери бар. Ал эми ижара келишимдеринин көбүндө пандемия сымал аргасыз жагдай (форс-мажор) деген түшүнүк камтылган эмес, андыктан юридикалык жактан таяна турган нерсе жок.

— Бишкекте ресторан жана кафелер толтура. Көп болушу кирешелүү иш экенин айгинелейт. Кирешелүү болсо, демек рестораторлор кыйын күндүн камылгасын да көрүшкөн. Туура эле акыл калчай алдымбы?

— Жок, бул — бизнес чөйрөсүндөгү мүчүлүштүк. Калаадагы калк саны боюнча алып караганда ресторандар аябай көп. Кирешелүү жайлар бар, чыгашасы ашканы да жок эмес. Кайра-кайра жабылып-ачылгандары да кездешет. Айрым ресторандар үчүн бул — негизги бизнес эмес, акчаны адалдаштыруу же кыймылсыз мүлк сатып алгандай жөн гана инвестиция.

Мындай оор убак келерин эч ким болжой алган эмес. Эмерек жасатып, оңдотуп-түзөтүп, айланасын жашылдандыруу менен көпчүлүк жайкы сезонго камданып жаткан. Анан эле баары жабылып калды.

— Facebook баракчаңызда кызматкерлердин маянасын ылдыйлатуу чечими туура эмес дегендей пост жаздыңыз. Бирок рыноктун табиятына ылайык эмес го, экономика кыйын абалда, адамдар акысы аз болсо да, бардык ишке даяр болот. Же андай эмеспи?

— Ресторандарда официанттар ар бир чектен пайыз алышат, ал эми ашпозчу бекитилген маянасын алат. Канча тамак даярдаганына баш катырбайт. Бармен да ошондой.

Азыркы жагдайда эки жол бар. Биринчисинде, биз сатыкка жараша бекитилген акыга өтөбүз. Ашпозчуга даярдаган тамагынын санына, ар бир табагына, ал эми баристага ар бир чайнек чай же кофенин чашкасын санай төлөп калабыз. Администратор ар бир ыраазы болуп кеткен кардарга жараша акысын алат. Ошондо бардык кызматкерлер жыйынтыкка жооп берет. Алар маянасы кантип түптөлөрүн так түшүнө билет.

Экинчи вариант — маянаны гана кыскартып коюу. Мисалы, биз ашпозчуга мурдагыдай күнүнө 2000 сомдон төлөй албайбыз. "Мындан ары 1000 сомдон гана аласың. Кааласаң иште, иштегиң келбесе кет". Мүмкүн мындай шартка ал көнүп, иштеп калар. Бирок анын кандай иштей турганы башка маселе. Ашпозчуңуз аны тоноп жаткандай, кемсинткендей, үй-бүлөсүнүн нанын тартып алып койгондой сезимде калат. Кызматкер эч качан маянасынын кыскарышын туура кабыл албайт.

© Фото / Roman Ivannikov
Регина Сманова: Мындай оор убак келерин эч ким болжой алган эмес. Эмерек жасатып, оңдотуп-түзөтүп, айланасын жашылдандыруу менен көпчүлүк жайкы сезонго камданып жаткан. Анан эле баары жабылып калды.

— Канча кафе-ресторан тирденип кете алат, канчасы жабылуу коркунучуна кабылат деп ойлойсуз?

— Менимче, ресторан менен кафелер болжол менен 30 пайызга кыскарат. Бул процесс күздө жапырт башталышы мүмкүн. Биз 1-июнда ачылабыз, ал эми жайкысын сатыктын деңгээли ылдыйлайт. Мындан тышкары, кардарлардын да төлөө жөндөмү мурдагыдай болбойт го.

Жабылуу коркунучуна ижараланган имаратта жайгашкандары, насыясы бар жерлер кабылышы ыктымал. Кафе-ресторандар пандемияга чейин эле кыйынчылык тарта башташкан. Түйүн эмес жалгыздап иштеткендер жана жаңы ачылганы да бул топко кирет. Банкеттик залы кенен ресторандар да (100 же андан ашык), ошондой эле орточо чеги жогору болгон ресторандар оор кырдаалга кептелет.

— Карантинден кийин окуялар эки нукта өнүгүшү мүмкүн экенин боолголоп жатышат. Кээ бирөөлөр адамдар жактырган кафе жана ресторандарына чуркап жөнөйт дешсе, айрымдары элдин капчыгы кыйла жукара түшөрүн, анан да көпчүлүк үйдө тамактануу канчалык сарамжалдуу экенине көзү жетет деп эсептешет. Кайсы көз карашка кошуласыз?

— Биздин меймандардын төлөө жөндөмү төмөндөрү, саны да азаяры турган иш. Көпчүлүк өз чыгымдарын туура пландоого өтөт. Жогоруда айткандай, эл ресторанга тамактанууга караганда көбүрөөк таасир алуу үчүн келишет. Албетте, башынан тамак жеткирүү жана тез татым жаатындагылар боюнча кеп башка. Үйдө азыктануу үнөмдүү, бирок татыктуу киреше алып келген ишиң чачтан көп болуп турганда кафе же ресторанда тамактанган жеңил эмеспи.

© Фото / Roman Ivannikov
Реторатор: Жабылуу коркунучуна ижараланган имаратта жайгашкандары, насыясы бар жерлер кабылышы ыктымал. Кафе-ресторандар пандемияга чейин эле кыйынчылык тарта башташкан.

— Жарандарда акча азайды, кардарларын кармап калуу үчүн ресторандар бааны төмөндөтөт дешке болобу?

— Мен баарынан да ушундан чочулайм, дал ушул нерсе айлабызды курутат. Кээ бир жайлар дароо демпинг саясатына кызуу киришип, бааны эч ойлонбостон төмөндөтүүгө өтөт. Бул кардарларды тартууга көмөк болор, бирок андай кафе жана ресторандар көп өтпөй жабылып калат. Пайда алып келбеген ишти ким уланткысы келсин?

Курамын карап чыгып, арзан азыктарга алмаштыруу менен гана тамакты арзан сата аласың же кирешеңден баш тартасың. Анын үстүнө азык-түлүктөрдүн наркы өсөрүнө шегим жок. Баары эмес, бирок импорттолгон азыктардын баасы доллардын курсуна жараша эмеспи, ал эми америкалык валюта кескин көтөрүлүп кетти. Азык-түлүк кымбаттап жатканда менюдагы бааны арзандатуу акылга сыйбай турган иш экени анык го.

Арзан тамактануучу жайлардын көбү (ашкана, тез татым, жөнөкөй кафе жана шишкебеккана) мындай саясатты жүргүзө албайт. Алардын кирешелүүлүгү өтө төмөн, сатык көлөмүнөн гана акча табышат. Кардарлардын саны азайгандыктан, бааны төмөндөтүү куру кеп.

Рестораторлор кыйын күнгө тушугат, бирок бизге эч качан оңой-олтоң болгон эмес. Соңку эки жылда ресторандык рынок кыйын мезгилди баштан кечирип келе жаткан. Атаандаштыктын күч болушу, бизнести туура эмес жүргүзүү, калктын санында өсүштүн жоктугу, элдин сыртка агылышы, экономиканын солгундашы буга себеп эле. Эми ага пандемия кошулду.

5897
Белгилер:
чыгым, кооптуулук, коронавирус, карантин, кафе, тамактануу, ресторан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2427)
Тема боюнча
Нефтинин арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этип жатат? Түшүндүрмө
Той бергенге дарман жок! Ишкерлер карантинден кийинки жашоосуна сереп салды
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

3
(жаңыланган 15:09 02.12.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев көз булчуңдарынын гимнастикасын жасоо менен көрүүнү жакшыртууга болбой турганын айтты.
Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

Азыркы заманда көпчүлүк компьютер менен иштеп, гаджет, телефон тиктеп калышты. Андыктан бир саат сайын 10 мүнөткө стулдан туруп, алысты карап көздү эс алдырып турган оң. Ошол эле маалда көздүн көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан пайдалуу. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компьютер, телефондун жарыгын, экрандын өңүн көздү чарчатпай тургандай кылып аярлап алуу керек.

"Көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени катаракта же көз чечекейинин тунарышы. Бул оору тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. 65-70 жаштагы кишилердин көбү эле бул илдетке кабылат. Андан тышкары, биздин өлкөдө глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору менен жабыркаган адамдар өтө эле көп. Ошону менен бирге макулодистрофия — көз торчосу бузулуп, борбордук көрүүнүн начарлашы менен жабыркап келишет. Ал эми көрүүсү начарлап бараткан адамга дарыгер көз айнек тагын десе сөзсүз аны аткарышы керек. Ал эч качан көрүүнү начарлатпайт. Мен бейтаптарыма дайыма көз айнекти угуу аппаратына салыштырып айтып келем. Ал жөн гана көрүүнү жакшыртуучу аспап. Көрүү начарлаганда көз айнек тагынбаса, көздүн булчуңдары чыңалып, мына ошондо көрүү бузулушу мүмкүн", — деди Жолдошев.

Дарыгер көздү нымдандыруучу тамчылатмалардын зыяны жоктугун жана көздүн көрүүсү жакшы болсо витаминдердин кереги жоктугун, туура тамактануу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

3
Белгилер:
оору, көз
Тема боюнча
Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаев ооруп калып бүгүнкү сот отуруму болбой калды

22
(жаңыланган 15:04 02.12.2020)
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президенттин иши каралмак. Бирок өзү келбей койду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлаганына байланыштуу сотко келген жок.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча Атамабевдин иши каралмак. Сот залына Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев гана алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин сот отурумун бир жумага жылдырууну өтүнгөн арызы судьяга берилди.

Анда Алмазбек Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айтып, сотко келе албай турганын билдирген. Арызга медициналык маалым кат тиркелген. Ал кагазда Атамбаевдин башы айланып, ооруп, жөтөлүп, алсырап жана бели да ооруп жатканы жазылганын судья окуду.

Мурдагы президент жана башка айыпкерлер келбегенине байланыштуу сот отуруму 9-декбарь саат 14:00гө жылдырылды.

22
Белгилер:
Кой-Таш, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жогорку сот Атамбаев кандай шартта абактан бошотуларын маалымдады
Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн