Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо кагылбай турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мектептин бириндеги акыркы коңгуроо. Архив
Бишкектин мектептин бириндеги акыркы коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ушу тапта 10, 20 жана 30 жылдыктарды өткөрүүгө да тыюу салынган. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү кажет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн быйыл акыркы коңгуроо кагылбай турганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, чечим өкмөттүн коронавирустан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө салган тыюусу негиз болгон. Азыркы тапта министрлик бул боюнча буйрук даярдап жатат.

"Жакынкы күндөрү атайын буйрук чыгат. Министрлик негизи эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ведомство 10, 20 жана 30 жылдыктарды да өткөрүүгө болбой турганын эске салды. Бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Буга чейин мектептерде окуу 25-май, 30-майга чейин созулары айтылган. Мындай чечим окуучулардын программаны толук өздөштүрүүсү үчүн кабыл алынган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшыруудан бошотулду
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0