Пандемия башталгандан бери чет жактан 9000ден ашуун КР жараны кайтарылды

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропортунда аэробус. Архив
Эл аралык аэропортунда аэробус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруктуу аба каттамдары токтотулгандыгына байланыштуу, өкмөт ар кайсы мамлекеттерде калган кыргызстандыктарды өлкөгө алып келүү иш-чараларын жүргүзүп келет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 23 өлкөдөн 9196 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

“Акыркы 12 күндө эле 995 мекендешибизди кайтарып келдик. Буга кол кабыш кылгандыгы үчүн Россия, Казакстан, Түркия сыяктуу өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдиребиз”, — деди Айдарбеков.

Эске салсак, буга чейин акыркылардан болуп 10-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинен 177 кыргызстандык учуп келди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Обсервационный центр в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
Соль-Илецкиден келип, обсервацияда чуу чыгаргандар тынчыдыбы? Министрликтин жообу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0