Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Сапар Исаков кайрадан №1 тергөө абагына которулду

123
(жаңыланган 16:00 12.05.2020)
Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колониясынан №1 тергөө абагына которулду. Маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Ал эми Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, алар соттун мындай чечимине каршы болууда.

“Биз башынан эле Исаковду мамлекеттик сырды билген кызматкер катары УКМКнын тергөө абагында кармоону өтүнгөнбүз. Петровкага которордо да сотко кайрылган элек. Эми кайра ары-бери сүйрөп, №1 тергөө абагына алып келишти. Бул жакта коронавирус аныкталгандыктан, жактоочулар кирип өзү менен сүйлөшө албайбыз”, — деди Токтакунов.

Учурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

123
Белгилер:
сот, чечим, абак, Сапар Исаков
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (41)
Тема боюнча
Петровкадагы абакка которулган Сапар Исаков карантинге алынды

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

23
(жаңыланган 20:32 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлардын үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6- килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

23
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу
Алма ширеси. Архивдик сүрөт

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

23
(жаңыланган 20:05 26.09.2020)
Адис май ден соолук үчүн маанилүү роль ойной турганын белгилеп, майы кетирилген сүт азыктарын алуу таптакыр эле пайдасы жок экендигин айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Туура тамактануу үчүн колдонгон азыктардын көбүнүн организмге пайдасы жок. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди. 

Анын пикиринде, майлары кетирилген сүт азыктары ден соолукка оң таасирин тийгизбейт.

"Адамга май керек. Ал жок кальций сиңбейт. Ошондуктан майы кетирилген сүт азыктарынын дээрлик пайдасы жок десек болот. Изилдөөлөр боюнча мындай азыктар зат алмашууну кыйындатат", — деген Арина Скоромная.

Ошондой эле эртең менен эрте жемиштерден сыгылган ширени ичпей эле коюуну сунуштаган. Себеби кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетет.

Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады

Диетолог мүнөздөп тамак ичип жаткандарга арналып чыгарылган азыктарды дагы байкап алууга кеңеш берген. Маселен, фитнес-батондордун курамына жана чыгарган ишканага көңүл буруу керек. Адатта пайдалуу делген азыктардын көбүндө кант болот.

23
Белгилер:
адистер, май, ден соолук, азык, диетолог
Тема боюнча
Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек