Москва: КР элчилигинин алдына 50гө чукул киши чыгып, талап койгон видео

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулгандардын бир катарлары РИА Новостинин кабарчысына жашаганга каражатсыз, баш калкаларга турак жайсыз калганын айтышкан.

БИШКЕК, 12-май - Sputnik. Кыргызстандын 50гө чукул жараны Москвадагы Большая Ордынка көчөсүнө чогулуп, мекенине жөнөтүүнү талап кылды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Эскерте кетсек, бул жерде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имараты жайгашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

"Чогулгандардын бир катарлары РИА Новостинин кабарчысына жашаганга каражатсыз, баш калкаларга турак жайсыз калганын айтышты. Ал арада элчилик карантинге жабылган", — деп айтылат маалыматта.

Абалды 20га чукул гвардиячылар көзөмөлдөп, чогулгандарды коронавирустан улам аралыкты сактоого чакырып жатканы кабарланды.

Эл аралык аэропортунда аэробус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пандемия башталгандан бери чет жактан 9000ден ашуун КР жараны кайтарылды
Россия пандемиядан улам 27-марттан тарта адаттагы жана чартердик рейстерди башка өлкөлөргө учурууну токтоткон. Сырттан элди ташып келген, жүк салынган, гуманитардык же санитардык гана каттамдар аткарылууда.

Кыргызстан чет жактагы жарандарды алып келүү боюнча иштер мүмкүнчүлүккө жараша жасалып жатканын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков бүгүнкү брифингде билдирген. Ал келерки жумаларда сырттан 1000ге чукул кыргызстандык, анын ичинен Москва шаарынан 402 жаран алып келинерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0