Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРРеспубликалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым Жакут Орозалиева
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым Жакут Орозалиева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакут Орозалиева Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым болуп эмгектенет. 50 күндөн бери дем алышсыз иштеп, жашоосу оорукананын ичинде өтүүдө. Ал коронавирусту толугу менен жеңип үйүнө барган күндү майрам деп эсептей турганын айтат.

12-май — Медайымдардын эл аралык күнү. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылды медайым жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялаган. Бүгүн медайымдар кесиптик майрамын иш үстүндө тосушат. Анткени алардын мойнунда чоң милдет турганы баарыбызга маалым.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы майрамдын алдында медайым Жакут Орозалиева менен маек курду. Анын күндүзү убактысы тар болгондуктан, кечки саат 21.00дөн кийин гана байланышууга мүмкүн болду.

— Сиз иштеген ооруканага алгачкы бейтап качан түштү?

— Биздин оорукана мартта атайын госпиталь болуп ачылган. Алгачкы бейтапты 23-мартта алып келишти. Биз ошол боюнча үйгө бара элекпиз. Ооруканада 108 медайым, 84 кенже медкызматкер иштеп жатат, дарыгерлерди кошкондо 200дөн ашат. Ооруканадан чыгыш үчүн анализ тапшырып, 10 күн обсервацияда жатыш керек. Баары таза чыкса анан коё берет. Бирок азыр үйүнө эч ким кете элек. Оорукананын ичинде бейтаптардын өзүнчө бөлүмү, биздин өзүнчө жатаканабыз бар. Жумушу бүткөндөр таза зонага келип эс алат.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРЖакут Орозалиева медайымдык иштерди башкаруу боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнек Калдыбаева менен
Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жакут Орозалиева медайымдык иштерди башкаруу боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнек Калдыбаева менен

— Иш процесси тууралуу айтып берсеңиз, медайымдар кандай жумуштарды аткарат?

— Биздин ооруканада 10 бөлүм бар, ар бири 20 бейтапка ылайыкташкан. Бир бөлүмгө дарыгер, медайым жана кенже медайымдан турган бригада кирип алты саат жүрөт. Коронавируска кабылгандарды дарылоодо башка оорулардан айырмасы өздүк коргонуучу каражат чоң роль ойнойт. Аны туура колдонгонду билиш керек. Чыккандан кийин костюмун чечип, атайын бакка салып зыянсыздандырышат. Өзүбүз да душка түшүп бир сыйра чайканып алып, анан жатаканага келип эс алабыз.

Жузумкан Кокумбаева уулусу Максат Султакеев менен - Sputnik Кыргызстан
Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек
Менин адистигим инфекцияны көзөмөлдөө болгондуктан бригада менен алты саат жүрбөйм. Бөлүмдөргө киргенде коргонуучу каражаттардын туура колдонулушун, палаталардын дезинфекцияланышын көзөмөлдөп турам. Ошондой эле бейтаптардын дене табын өлчөп, дарыгер жазган дарыны берип, капельница коюп жана тамак-ашын да алып кирип беребиз.

Бир жакшы жери палаталарда рециркулятор орнотулган, ал бөлмөдөгү абаны тазалап, вирустарды зыянсыздандырып турат. Бул да бир аз кооптуулукту азайтат.

Өзүбүзчө отурганда кварц лампасы (жарык менен дарыланганда колдонулат — ред.), дезинфекциялык каражаттар, коргонуучу костюмдар биздин досубузга айланды деп күлүп калабыз.

— Башында бул оору менен күрөшүү кандай болот деп элестеттиңиз эле?

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
“Биз да ооруп калабызбы” деп ыйлашты. Медиктерди айыктырган дарыгердин маеги
— Мен жумушка башында даярданып эле келгем, бирок ушунчалык көпкө созуларын күткөн эмесмин. Азыркыдай кырдаал 16 жылдык тажрыйбамда биринчи жолу болуп жатат.

Мурда жумасына бир эле күн, жекшембиде эс алчубуз. Аны аз, эч нерсеге жетишпейбиз деп нааразы болор элек. Азыр ошол бир күндүк эс алууга дагы зар болуп жатабыз. 23-марттан бери бизде ишемби, жекшемби же майрам деген болбойт. Күнүгө иштеп жатабыз. Эми чыксак такыр антип нааразы болбойбуз деп күлүп отурабыз.

— Бактыга жараша сиз иштеген Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус жуктурган бир дагы медицина кызматкери катталбаптыр. Сиздер кантип коргонуп жатасыздар?

— Биз башында өздүк коргонуучу костюмдарын кантип туура кийүү керектигин көрсөтүп өзүбүз видео тартканбыз. Оорукананын ичинде кир, таза зона да экиге бөлүнүп лента тартылган. Коргонуучу костюму жок кир зонага киргенге болбойт. Сунушталган эрежелерди так сактоого аракет кылуудабыз. Эгер аягына чейин бир дагы кесиптешибиз ооруну жуктурбай, эсен-соо үйүнө барса, биздин жеңишибиз ошол. Ошондо гана бизге майрам болот.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРРеспубликалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын медицина кызматкерлери 50 күндөн бери үйүнө бара элек
Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын медицина кызматкерлери 50 күндөн бери үйүнө бара элек

— Иш графигиңиз бүткөндөн кийин жок дегенде оорукананын короосуна чыга аласыздарбы?

— Короого бир аз чыгышыбыз мүмкүн. Бирок кенен басып сейилдөөгө тыюу салынат.

— Коронавирустун жеңил түрүн жуктургандар өзү басып-туруп жүрө берет да. Аларга кандай талаптар коюлган?

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов - Sputnik Кыргызстан
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги
— Сигнал кнопкалары бар, бир нерсе керек болсо басканда кайсы палата экени көрүнөт, кээ бирлери эшикти такылдатып чакырат. Кээде телефон аркылуу байланышабыз. Бейтаптарды коридорго коп чыгарбайбыз. Алар жаңы түшөрү менен бет кап тагынат, ар эки саат сайын жаңы бет кап берип турабыз. Эскиси залалсыздандырып, ыргытылат.

Ар кандай мамиле жасаганы болот. Алардын абалын түшүнүп, унчукпайбыз.

Айыгып чыкканда аябай алкышын айтып, үйүнө баргандан кийин дарыгерлерге ыраазычылык каттарын, видеолорду жөнөтүп турушат.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРМедайымдар бүгүнкү кесиптик майрамын иш үстүндө тосушат
Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Медайымдар бүгүнкү кесиптик майрамын иш үстүндө тосушат

— Үй-бүлөңүз көп тынчсызданбай элеби, сизге эмне деп жатышат?

— Бошоп калганда телефон аркылуу бир туугандарым, жакындарым менен сүйлөшүп турам. "Эртерээк үйгө кел" деп айтышат. Качан кетерибизди өзүбүз деле билбейбиз да, "буюрса жакында барабыз" дегенден башка эч нерсе айта албайбыз.

— Медиктерге берилип жаткан кошумча маяна сезилээрлик эле жардам болду?

— Март, апрель айыныкы убагында түштү. Кошумча маянабыз да алгылыктуу экен, ыраазы болуп отурабыз. Жеке меники буга чейин алып жүргөн айлыгыма 3-4 эсе кошулуптур.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРОоруканада 108 медайым, 84 кенже медкызматкер иштеп жатат, дарыгерлерди кошкондо 200дөн ашат
Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада 108 медайым, 84 кенже медкызматкер иштеп жатат, дарыгерлерди кошкондо 200дөн ашат

— Коронавируска кабылгандарды өз көзүңүз менен көрүп, дарылап жүргөн медайым катары элге айта турчу кандай сөзүңүз бар?

— Эл арасында дагы деле коронавируска ишенбегендер бар экен. Бизде 200дөн ашуун кызматкер үйүнө барбай, бир туугандарын, балдарын, ата-энесин көрбөй иштеп жатышат. Эгер оору жок болсо 50 күндөн бери жөн эле жүрө бермек белек. Оору бар. Ар кимдики ар кандай өтүп жатат. Бирөө жеңил, бирөө оор көтөрөт экен. Бир эле сураныч, сыртка көп чыкпай, эл көп чогулган жерге барбай турсаңыздар биз ушул оорудан батыраак кутулуп, үйүбүзгө кетет элек. Азыр тилегибиз эле ушул. Медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен буюрса бул кыйынчылыкты чогуу жеңебиз деген үмүтүбүз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0