Сапар Исаков Тарых музейи боюнча соттук ишке катышуудан баш тартты

Жазылуу
Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштер боюнча Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы өндүрүшкө катышуудан баш тартып, бүгүнкү отурумга катышкан жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулаары менен Биринчи май райондук сотунун судьясына ишти ансыз эле карай берүүсүн билдирип, арыз жазган", — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Ал эми Биринчи май райондук сотунан отурум кийинкиге жылдырылганын билдиришти.

"Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык кылмыштарга айыптоо боюнча жазык иши каралууда. Айыпталуучу Сапар Исаковдун келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 19-майга жылдырылды", — деп айтылат соттун маалыматында.

Официальное открытие Чемпионата Азии по борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Петровкадагы абакка которулган Сапар Исаков карантинге алынды
Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган. Ал эми 12-май күнү ал кайрадан мурда жаза өтөгөн абакка кайтарылганы айтылган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми учурда Бишкекте Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0