Ситуация в Чуйской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус менен кармашкан 56-күн. Өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Бүгүн өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктаганына үч күн болот. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша жергиликтүү бийлик башчылары иш-аракет жүргүзүүдө.

Бишкек, Ош шаарларына, Ат-Башы району менен Чаткалдын Каныш-Кыя айыл аймагына карантин киргизилгенин эске салабыз. Бул аталган аймактарда абал турукташа элек дегенди түшүндүрөт.

Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билип, сүрөт, видеолорду көрсөңүз болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:34 13.05.2020
17:51 13.05.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жалпы жыйында отурган депутаттарга бет кабын чечпей отурушун улам-улам эскертип жатат.

Белгилей кетсек, учурда парламентарийлер өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун угууда.

Жыйын башталгандан кийин төрага айрым бет кап тагынбай отурган эл өкүлдөрүнө коомдук жайда отурганын эскертип, бет кабын чечпөөгө чакырган.

Ал эми саат 17.00дөн кийин залда бет кабы жок жүргөн депутаттарды көрүп Жумабеков дагы бир ирет эскертүү берди.
“Урматтуу депутаттар, залда бет кап тагынып отурсаңыздар, чечпеңиздер, сураныч! Бул жер коомдук жай”, — деп кайрылды Жумабеков.

 

16:53 13.05.2020
16:06 13.05.2020

Бишкек ш. – 1112 медициналык кызматкерге 8 млн 744 миң 861,08 сом

Ош ш.– 362 медкызматкерге 1 млн 725 миң 788, 69 сом

Ош облусу – 1047 медкызматкерге 7 млн 64 миң 552,15 сом

Жалал-Абад облусу – 1182 медкызматкерге 5 млн 460 миң 615,99 сом

Чүй облусу – 835 медкызматкерге 3 млн 733 миң 704,93 сом

Баткен облусу – 500 медкызматкерге 3 млн 336 миң 514,11 сом

 Нарын облусу – 499 медкызматкерге 2 млн 655 миң 464,44 сом

Ысык-Көл облусу – 479 медкызматкерге 2 млн 629 миң 737,1 сом

Тоблусу – 267 медкызматкерге 1 млн 363 миң 401,22 сом

Маалыматты COVID-19 Республикалык штабдан кабарлашты

16:04 13.05.2020
15:57 13.05.2020

 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөм үчүн 105 миллион 400 миӊ сом которулду.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Маалыматты COVID-19 боюнча  Республикалык штаб таратты. 

 

 

12:06 13.05.2020

Чүй облустук саламаттыкты сактоо мекемелеринде коргонуучу каражаттардын камдап койгон көлөм жетиштүү.      

Андан сырткары Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы жалпы практикалык дарыгерлер борборуна республикалык бюджеттен бир топ каражаттар сатып берилген. Ал борбор 18 айылдын 29 473 тургунун тейлейт.

Маалыматты Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү таратты

12:03 13.05.2020
12:01 13.05.2020

“Вирустун белгилери билинген учурда, 112 жана 1850 ыкчам байланыш телефондору боюнча кайрылууну өтүнөбүз. Шаарда медиктерден жана санитардык дарыгерлерден турган 20 мобилдик бригада иштеп жатат. Алар чакырыктар боюнча келип, COVID-19 вирусуна анализ алып кетишет”, - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Алымкулов. 

12:00 13.05.2020

"Белгилүү болгондой, шаардын кире бериштерине 16 санитардык-көзөмөл пост орнотулган. Бишкек шаарына кирүүдө ПЧР-анализ жөнүндө маалымкат көрсөтүүнүн зарылдыгы жок, болгону жумуштан алынган маалымкатты жана ким экендигин тастыктаган документин алып жүрүү жетиштүү. Аны менен бирге дарыгерлер ар биринин температурасын ченешет", - шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов.

11:39 13.05.2020
11:30 13.05.2020

Өз үйүндө карантинде болууга шарты жок жарандар эмне кылса болорун саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

"Жарандарды үй карантинине жайгаштырууда анын жашаган жерин жана жашоо шарттарын карап чыгабыз. Жашоо шарты талапка жооп бербесе, обсервацияга жайгаштырылышы мүмкүн", — деди Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, карантин 14 күнгө созулат.

 

11:28 13.05.2020

“Түндө Бишкек шаарынын борбордук жолдорунда жашыраак балдардын  бейбаштык кылып, автоунааларын катуу ылдамдык менен айдап, ары-бери жүрүп жатат. Андай кылыктар байкалбай калган жок. Силердин мыйзамсыз аракетиңерден улам башкалар, улуулар жабыр тартып калышы мүмкүн. Башкалардын да ойлогула. Андыктан, муну токтотуп, үйдө отургула”, - деди Алымкулов.

11:16 13.05.2020
11:11 13.05.2020
11:03 13.05.2020

“Өздүк гигиенаны сактабагандык – башка адамдардын ден соолугуна зыян тийгизет. Ал эми, маска тагынып жүрүү – өзүн гана эмес, башкаларды дагы оору жугуудан сактайт”, -  деди Үсөнбаев. 

10:21 13.05.2020

Азыркы учурда стационарда 306 бейтап жатат, анын төртөө реанимацияда.

10:20 13.05.2020

Акыркы сутка ичинде 1 421 изилдөө жүргүзүлгөн. 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 4 613 болду (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Ушу тапта Кыргызстан боюнча обсервацияда 1555 адам жатат.

10:18 13.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 241 учур катталды, алардын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:16 13.05.2020

Бир сутка ичинде 17 бейтап айыгып чыкты:

  • Бишкек шаарында – 10;
  • Баткен облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 2.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

10:09 13.05.2020

Кудай жалгап, бүгүн вирус жуктуруп алгандардын саны азыраак. Жети кишиден чыкканын Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

09:59 13.05.2020

Ат-Башы районунда "Муктаждарга төрт түлүк" аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду. Бул тууралуу Ат-Башынын акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген.

"Азыр көпчүлүгү эле гумжардам катары тамак-аш таратып жатат. Бирок азык-түлүк бат эле түгөнөт экен. Мындан улам биздин район муктаждарга мал берүүнү баштадык. Алгач райондун социалдык коргоо башкармалыгы сунуштаган аз камсыз бир үй-бүлөгө айлыгыман беш кой алып бердим. Андан кийин бул демилге уланып кетти. Бүгүнкү күндө 11 үй-бүлөгө 50 кой, бир тай берилди. Башкача айтканда, бир бүлөгө бештен кой тийди", — деди Сатаров.

Аким райондо акция азыркы учурда да уланып жатканын кошумчалады.

Акция помощи для малообеспеченных семей в Ат-Баши - Sputnik Кыргызстан
09:35 13.05.2020

COVID-19 пандемиясынан улам жарыяланган карантиндик чектөөлөрдүн кесепети оор болот. Алар тууралуу окумуштуулардын пикирине таянып РИА Новости жазды. 

Жаштардын түйшүгү

АКШлык окумуштуулардын пикиринде, обочолонуу өзгөчө 12-24 жаштагыларга терс таасир этүүдө. Мектептер, ЖОЖдор жабылып, балдар үйдө отурууга мажбур. Көпчүлүгү сабактарын толугу менен ата-энесинин көзөмөлүндө окушат. Достору менен кезигип, ээн-эркин ойноп, көңүл ача алышпайт. Жалындап турган мындай куракта адамды ар тараптан чектөө абдан кооптуу нерсе.

Ажырашуу

Коронавирус басаңдап калган соң Кытайда ажырашуунун саны көп боло баштаганын көпчүлүк ЖМКлар жазышкан. Бул көрүнүштү Пенсильвания университетинин окумуштуулары 1989-жылкы АКШдагы "Хьюго" катуу шамалынан кийинки абал менен салыштырды. Окуядан бир жыл өткөн соң башынан жаратылыштын чоң кырсыгын өткөргөн аймакта ажырашкандардын саны кескин өсүп кеткен.

Ашыкча салмак

Россиянын Илимдер академиясынын академиги, кардиолог Юрий Беленковдун айтымында, карантин учурунда адамдар тамактануу режимин бузуп, спирт ичимдиктерин дагы көбүрөөк ичип калат. Ошол эле учурда көп кыймылдабай, уктоочу сааттар узарат. Жыйынтыгында ашыкча салмак жана жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот.

Ошондой эле адистер карантин учурунда туура эмес жана негативдүү маалыматтар дагы адамдын маанайын чөгөрүп, стресске алып келерин кошумчалайт.

Ушундай, бурадар.

Жаңылыктар түрмөгү
0