Мэрия: түндө Бишкекте катуу ылдамдыкта автоунаа айдагандар көп болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жолунда катуу ылдамдыкта автоунаа. Архив
Бишкектин жолунда катуу ылдамдыкта автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, 11-май күнү 00.00дө өзгөчө абал режими, аны менен катар саат 21.00дөн 6.00гө чейин созулган коменданттык саат аяктаган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өткөн түнү Бишкектин көчөлөрүндө ээнбаштык менен катуу ылдамдыкта автоунаа айдаган жаштар көп болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда билдирди.

“Түндө жаш балдар бош көчөлөрдөн автоунааларын ары-бери катуу айдап, бир топ ээнбаштык кылышты. Өзгөчө абал режиминин аякташы каалаган нерсени кылса болот дегенди түшүндүрбөйт. Вирус дагы деле бар. Мен жаштарга көчөдө олуттуу себеби жок чыгардан мурда өзүңөрдүн жана жакындарыңардын ден соолугун ойлогула дээр элем. Өзгөчө улгайып калган чоң ата, чоң апаңарды коркунучка кептеп жатасыңар”, — деди Алымкулов.

Эске салсак, 10-май күнү 24.00дө өзгөчө абал режими, аны менен катар саат 21.00дөн 6.00гө чейин созулган коменданттык саат аяктаган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

ӨА режими аяктагандан кийин Бишкекте жашоо кандай өзгөрдү? Видео - Sputnik Кыргызстан
ӨА режими аяктагандан кийин Бишкекте жашоо кандай өзгөрдү? Видео
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0