Ош мэри Сарыбашов: ӨА бүтөрү менен жаштар түн катып көчөдө жүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМэр города Ош Таалайбек Сарыбашов
Мэр города Ош Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-майга карата Ош облусу боюнча вирус жуктургандардын саны 294 болду. Алардын ичинен 113ү Ош шаарынын тургундары.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош шаарында өзгөчө абал режими алынары менен көчөгө чыккандар көбөйүп, жаштар түнкүсүн чогула баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

"Өзгөчө абал аягына чыгары менен көчөдө жай турмуш убагындай эле чыгып алышты. Түнкүсүн көчөдө жаштар көп. Шаар тургундарын үйдө отуруп, сак болууга чакырат элек, коркунуч жоюла элек”, — деди Сарыбашов.

Ошондой эле ал облустун райондорунда жашаган жарандарды олуттуу себепсиз Ош шаарына келбей туруусун өтүндү.

13-майга карата Ош облусу боюнча вирус жуктургандардын саны 294 болду. Алардын ичинен 113ү Ош шаарынын тургундары.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Бишкектин жолунда катуу ылдамдыкта автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: түндө Бишкекте катуу ылдамдыкта автоунаа айдагандар көп болду
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0