Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон тарапташтарынан коронавируска тест алынды

© Фото / секретариат фракции СДПКМурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Фарид Ниязов. Архив
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Фарид Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги 8-май күнү Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматты тастыктаган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан тарапташтарынан коронавируска анализ алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Тест 12-май күнү Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархат Баабиев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев жана Канат Сагымбаевден алынган. Ведомстводон билдиришкендей, бардыгынын анализи таза чыкты.

"Буга чейин алардын айрым тарапташтары Сапар Исаков менен Канат Сагымбаев коронавируска кабылды, ЖАМК аны жашырып жатат деген жалган билдирүү таратышкан", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Тарых музейи боюнча соттук ишке катышуудан баш тартты
Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Учурда Бишкекте Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат. Калгандары Кош-Таш окуясы боюнча кармалууда.

Жогорудагы соттолуучулардан тест алууга №1 тергөө абагынын кызматкери коронавирус жуктуруп алганы себеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0