Нарын: коронавирус аныкталган төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз болууда

Жазылуу
Нарын облустук төрөт үйүнүн алты кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. 13-майга карата облус аймагында коронавирус жуктурган 137 учур катталды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кызматкерлеринде коронавирус аныкталган Нарын облустук төрөт үйүнө дарыгерлер жетишпей жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлигине өтүнүч кат жөнөтүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Ага коронавирус аныкталган төрөт үйүндө учурда абал кандай болуп жаткандыгы тууралуу суроо берилди.

"Учурда COVID-19 вирусу аныкталып, кесиптештери менен байланышта болгон дарыгерлер обсервацияда. Төрөткананын жанындагы имарат дагы ишке берилип, анда ден соолугу таза кызматкерлер иштеп жатат. Бирок медиктердин жетишсиздиги байкалууда. Андыктан Саламаттык сактоо министрлигине жардам сурап кат жолдодук", — деди Алымкулов.

Эске салсак, Нарын облустук төрөт үйүнүн алты кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

13-майга карата облус аймагында коронавирус жуктурган 137 учур катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0