Нарын шаарынын мамлекеттик администрациясынын имаратынын жанындагы борбордук аянт. Архив

Нарында ишин жанданткан тармактар. Тизме

50
(жаңыланган 16:35 13.05.2020)
Кыргыз өкмөтү 1-майдан тарта экономиканы акырындык менен калыбына келтирүү максатында ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксат берген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда 1-майдан тарта кайсы ишкерлик объектилер жандана баштаганын санап берди.

Алар:

  • тоо-кен тармагындагы көмүр казуучу ишканалалар — 16;
  • өндүрүш ашканалары — 23;
  • базарлар — 4;
  • чачтарачканалар — 23;
  • курулуш товарларын жана унаа тетиктерин саткан дүкөндөр — 90;
  • май аймаштыруучу жана техника оңдоочу жайлар — 39;
  • автоунаа жуучу жайлар — 18;
  • такси кызматы — 28;
  • мончолор — 8;
"Бардыгынын жетекчилерине санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча милдеттемелер коюлган", — деди Алымкулов.

13-майга карата облус аймагында коронавирус жуктурган 137 учур катталды.

50
Белгилер:
бизнес, экономика, коронавирус, карантин, Нарын облусу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1476)
Тема боюнча
Нарын: коронавирус аныкталган төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз болууда
Нарындагы төрөт үйүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды
Адам АКШ долларын эсептеп жатат. Архив

Саймаити чет өлкөлөргө 900 млн. долларды кантип чыгарганы айтылды

75
(жаңыланган 03:31 03.06.2020)
Каражаттын көбү чет мамлекеттерге банктар аркылуу которулган. Мындан тышкары, курьерлер накталай акчаларды да ташып турушкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу ишкер Айеркен Саймаити 937 миллион 807 миң долларды чет өлкөгө кантип чыгарып кеткенин айтып берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Саймаитини өлтүрүү боюнча кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени баяндалган журналисттик иликтөөдө аты аталган Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

УКМК өкүлүнүн айтымында, өткөн жылдын июнь айынан ноябрына чейин журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш жүргүзүп, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Анда интернеттеги бардык кабарлар, банк документтери, Финчалгындоо менен бажынын маалыматтары жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иликтенген.

Самидин уулунун айтымында, 2012-жылдан 2017-жылга чейин Саймаити жогорудагы 937 миллион долларды Кыргызстандын 11 банкы аркылуу которгон. Ал каражаттарды өзүнүн жана жубайы Вуфуля Бумаилияманын, ошондой эле "Абдыраз" ЖЧКсынын атынан салып турган.

Күч түзүмдөрү 932 миллион 736 миң доллар чет элдик эсептерге түшкөндүгүн аныктаган. Ал текстиль буюмдарына, курулуш материалдарына, электрондук товарларга, картонго, келишимдер боюнча карызды төлөөгө, жер тилкеси үчүн алдын ала төлөөгө жана сатып алууга которулганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү мыйзам боюнча бажы декларациясын толтуруу менен каалаган суммадагы акча каражатын чыгарууга уруксат берилгендигин эскертти.

"Курьерлер аркылуу нак акчалар да ташылып турган. Сегиз адамды суракка алганыбызда үчөө курьер болуп иштегендигин тастыктады. Алардын бири Түркияга "Мадина" базарынын каражаты деп 5 миллион доллар которгон. Калган экөө "Кара-Суу" базарындагы ишкерлердин акчасы катары 246 миң жана 82 миң доллардан алып чыгып кетишкен. Суракка алынган башка адамдар бул иш менен алектенбегенин билдирди", — деди Самидин уулу.

Атайын кызматтын анализине ылайык, накталай акчалар кыргыз жана өзбек ишкерлеринин каражаттары болгон.

75
Белгилер:
миллион, каражат, банк, Айеркен Саймаити, УКМК
Тема:
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү
Тема боюнча
УКМК Саймаити менен Абдукадыр акчанын айынан кантип касташканын баяндады
100 долларлык банкноталар. Архив

УКМК Саймаити менен Абдукадыр акчанын айынан кантип касташканын баяндады

96
(жаңыланган 03:27 03.06.2020)
Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, Кытайдан келген эки ишкер Кыргызстандан таанышып, биргеликте чет өлкөгө каражат которуп турушкан. Бирок беш жылдан кийин алардын тирешүүсү башталган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу кытайлык ишкерлер Айеркен Саймаити менен Хабибула Абдукадыр акча талашуудан кантип касташканын айтып берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Саймаитини өлтүрүү боюнча кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени баяндалган журналисттик иликтөөдө аты аталган Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

Самидин уулу Саймаитинин ишинде ага болгон кол салуу дагы каралганын билдирди. Бул тууралуу журналисттик иликтөөдө да маалымдалат.

Коопсуздук кызматынын өкүлүнүн айтымында, Саймаити Кытай жараны болгон жана Кара-Суу базарында (Ош облусу) 2011-жылдан бери иштеп келген. Ошону менен бирге башка ишкерлердин акчасын чет өлкөлөргө чыгарып турган. 2012-жылы кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен таанышып, анын каражатын ташый баштаган.

2016-2017-жылдары эки ишкердин ортосунда акчанын айынан пикир келишпестиктер жаралган. 2017-жылдын май айында Абдукадыр менен Саймаитинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Саймаити 2012-жылдан бери 3 миллион доллар карыз экендигин айтышканда, ал, тескерисинче, 830 миң доллар аласа экендигин билдирген.

УКМКнын күбөлөргө таянып билдиришинче, Абдукадырдын өкүлдөрү полицияга Саймаитинин үстүнөн арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин ишкер Бишкекке, андан кийин Казакстан менен Түркияга качып кеткен.

"Ишкер 3 миллион доллар карызын танып, тескерисинче, Абдукадыр ага бересе экендигин айткан. Саймаити Түркияда жүргөндө тиреш уланган. Анын жанында жүргөн адамдардын айтымында, ал журналисттер аркылуу Абдукадырга кысым көрсөтүп, карызды өндүрүп алгысы келген. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Саймаити "Азаттык" радиосуна да кайрылган. Ага карыздын бир бөлүгү кайтарылып берилгенден кийин "Азаттыктын" журналистине 100 миң доллар берген", — деди Самидин уулу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, Саймаити кол салуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Көп адам чет мамлекетте болгону үчүн сурак жүргүзүү мүмкүн болгон жок. Абдукадыр өзү да сыртта жүргөнү айтылды. Ошондуктан Кыргызстанда жүргөндөр гана суракка алынган. Тергөөчүлөрдүн колунда Саймаити менен Абдукадырдын ортосундагы акча которууларды тастыктаган банктык документтер бар экендиги кошумчаланды.

Ал арада "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жейми Флай тергөөчүнүн журналист тууралуу айткандарын жалаа жабуу деп сыпаттады.

96
Белгилер:
каражат, өлүм, иликтөө, УКМК, Айеркен Саймаити, Кыргызстан
Тема:
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү
Тема боюнча
700 млн. доллардын чыгарылышы. Суракка кимдер келип, кимдер келе элек
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

25
(жаңыланган 03:39 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

25
Белгилер:
журналист, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды