Оорукананын реанимация бөлүмүндө медайым. Архив

Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом берилди

239
(жаңыланган 16:55 13.05.2020)
Апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 миллион 400 миӊ сом которулган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды. COVID-19 жуктуруп каза тапкан Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

“Апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөм үчүн 105 миллион 400 миӊ сом которулган. Коронавирус инфекциясы жугуп көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү”, — дешти штабдан.

Каражат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине которулган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Ал эми ошол каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева болду. Ал эми өлкө боюнча COVID-19 241 медицина кызматкерлеринен чыккан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

239
Белгилер:
компенсация, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (865)
Тема боюнча
Нарын: коронавирус аныкталган төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз болууда
Кыргызстан Белоруссиядан 150 миң ПЦР-тест сатып алууну пландап жатат
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

23
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

23
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт
Гүлдөгөн талаа. Архив

Министр: 1-июндан тарта кыргызстандыктар тоо, капчыгай, көлгө бара баштаса болот

43
Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-июндан баштап тоо, капчыгай, көлгө тоскоолдуксуз бара алышат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул датадан тарта аталган жерлерде бардык шлагбаумдар алынышы керек. Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти. Анткени жолдо санитардык-карантиндик посттордон документ текшерип, дене тапты өлчөп калышы ыктымал.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

43
Белгилер:
коронавирус, эс алуу, капчыгай, көл, тоо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?
10 объектини кыдырсаң, ардактуу турист болосуң! Өлкөдөгү өзгөчө сынак
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
Чек ара бекетинде жүк ташуучу унаа. Архив

Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек

0
(жаңыланган 18:34 29.05.2020)
Асрандиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка берген жардамы үчүн өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага, жүк ташууга тоскоол болбошу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлердин саммитинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал COVID-19га каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер белгиленген өндүрүштүк-кооперациялык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашына алып келбөөгө тийиш экендигин айткан

"Жалпы обочолонуу жана чек араларды аргасыздан жабуу шартында биз үчүн өлкөлөр ортосундагы, алыскы чет мамлекеттерге жүк ташууну тоскоолдуксуз ишке ашырууну камсыз кылуу маанилүү. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда өлкөлөрдүн ырааттуулугу чоң роль ойнойт. Биз КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагы боюнча жүктү тоскоолдуксуз ташууну шарттаган жашыл коридорду уюштуруубуз керек", — деген вице-премьер-министр.

Асрандиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка берген жардамы үчүн өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

"Кырдаал биздин бири-бирибизге байланыштуу жана бири-бирибизге көз каранды экенибизди көрсөттү. Андыктан өлкөнүн экономикалык, финансылык, социалдык жана гуманитардык чөйрөсү үчүн кесепеттерди жоюу тууралуу жамааттык чараларды иштеп чыгуу боюнча документ маанилүү жана аны кабыл алууну колдойбуз. Ошондой эле кыргыз тарап учурда КМШ өлкөлөрүндө экономиканын реалдуу секторун калыбына келтирүү жана ишкердик жигердүүлүктү өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу убактысы келди деп эсептейт", — деген Асрандиев.

Вице-премьер ошол эле учурда кризистен кийинки өнүгүүдө Шериктештик мейкиндигинде экономикалык активдүүлүктү этап-этабы менен калыбына келтирүү маселелери боюнча өз ара иштөө маанилүү экендигин айткан.

Асрандиев кызматташтыктын башка тармактарында, анын ичинде спорт, туризм жана жаштар саясатындагы маселелерди илгерилетүү боюнча иштер улантыларына ишеним арткан.

0
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, экономика, Эркин Асрандиев, КМШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Каржы министри: тышкы карызды төлөөдө алгачкы кадамдар жасалды