Министрлик: COVID-19 жуктурган тартип коргоо кызматкерлери Бишкекте көп катталды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га чалдыккандар арасында милиционерлер, автоинспекторлор, тергөөчүлөр, айдоочулар жана ушул тармакта сабак бергендер, медиктер бар. Жетекчи кызматтагы же жогорку наамдагылар жокко эсе.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган эң көп учур Бишкек шаарында болуп, 39 учур катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди.

"Вирус жуктуруп алган күч структурасынын өкүлдөрүнүн саны жалпысынан 53 болду. Арасында милиционерлер, автоинспекторлор, тергөөчүлөр, айдоочулар жана ушул тармакта сабак бергендер, медиктер бар. Жетекчи кызматтагы же жогорку наамдагылар жокко эсе. Коронавируска кабылгандардын оорусу жеңил жана орто өтүп жатат деп мүнөздөөгө болот. Оор абалдагылар жок", — деди Оторбаева.

Ал республиканын түштүгүндө милиция кызматкерлеринин коронавирус жуктурган учуру катталбагандыгын айтты.

"Борбор калааны эсепке албаганда, аймактардын ичинен COVID-19 жуктуруп алгандар Нарында, алардын саны 14кө жеткен", — деди Оторбаева.

Ал эми ИИМге кайрылганыбызда COVID-19га чалдыккан кызматкерлер тууралуу маалымат бере албастыгын жана оору жуктурган милиционерлерге өзүнчө кенемте акча каралбагандыгын айтышты.

"Милиция кызматкерлерине жалпы өзгөчө абалда иштегендиги үчүн кошумча акча төлөнүп берилет. COVID-19 жуктургандарга медиктердей болуп компенсация каралган эмес", — дешти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Коронавирустун кесепети

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0