Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктурган тогуз киши айыкты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада сакайгандардын бешөө Бишкектен, бирөө Ош шаарынан, экөө Ош облусунан, бирөө Нарындан. Алардын кайталап алган анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуктурган тогуз бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча вирус аныкталган 735 киши айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

"Бир суткада сакайгандардын бешөө Бишкектен, бирөө Ош шаарынан, экөө Ош облусунан, бирөө Нарындан. Алардын кайталап алган анализи таза чыккан",— деди Каратаев.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1067ге жетти.Анын ичинен 735и айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0