Ыкчам маалымат! Нарында дагы 15 кишиден СOVID аныкталды

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны буга чейин айтылгандай 1067 эмес, 1082 болду.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ушу тапта Нарында дагы 15 кишиден коронавирус чыкканы маалым болгонун саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. 

Ал бул кабардын ыкчам түрдө келип түшкөнүн белгилеп, толук маалымат кийинчерээк бериле турганын убадалады.

Ага чейин бир суткада 23 адамдан коронавирус аныкталганы айтылган. Мунун 14ү Бишкектен, төртөө Чүй облусунан, экөө Соль-Илецкиден келгендерден, бирөө Ош шаарынан жана төртөө Жалал-Абад облусунан болчу.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны буга чейин айтылгандай 1067 эмес, 1082 болду.

Азыркы тапта Кыргызстанда кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0