Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. 15-майда Ысык-Көл менен Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Алай районундагы Гүлчө айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы баш калаада +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +25…+27 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0