Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо майрамдашты. Архив

Кыргызстанда быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды

230
(жаңыланган 16:22 14.05.2020)
9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү быйыл мамлекеттик сынактарды башкача форматта тапшырат. Окуу жылы болсо 30-майда аяктаары айтылды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда быйыл 11-классты 59 миң окуучу аяктайт. Анын 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө салыштырмалуу 9-классты аяктап жаткандар көп. Алардын саны 104 миңди түзөт.

Коронавируска байланыштуу 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү быйыл мамлекеттик сынактарды башкача форматта тапшырмай болушту. Анда атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды окуучулардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен коёт.

Буга чейин быйылкы окуу жылы 30-майда аяктаары айтылган.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар. Анда 1 миллион 311 миңден ашуун бала билим алат.

230
Белгилер:
окуу, аттестат, бүтүрүүчү, мектеп
Тема боюнча
Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо кагылбай турган болду
Белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбеков. Архив

Пневмония болгон хирург Талант Өмүрбековдун абалы айтылды

4
(жаңыланган 13:08 25.01.2021)
Өмүрбеков өткөн жумада эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн. Абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.

Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.

"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.

Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.

4
Белгилер:
оору, абал, пневмония, хирург, Гүлжигит Аалиев, Талант Өмүрбеков
Тема боюнча
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат
Аткаминердин мыйзамсыз байыган мүлкү

Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды

42
(жаңыланган 12:57 25.01.2021)
Кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө жана көптөгөн бодо малдарга ээлик кылганы айтылды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.

  • Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 7
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.

Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.

42
Белгилер:
коррупция, кармоо, Транспорт жана жолдор министрлиги, УКМК
Тема боюнча
4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт