Бишкекке Япония менен Кореядан кыргызстандыктар учуп келди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүПассажир в медицинской маске в аэропорту. Архивное фото
Пассажир в медицинской маске в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөдөн кайтып келген мекендештер медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды. Бүгүн эртең менен Катар менен Кувейт мамлекетинен да 107 киши келген эле.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн, 14-майда, Бишкекке Япония менен Кореядан Кыргызстандын 43 жараны учуп келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сырттан келген мекендештер медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москва: КР элчилигинин алдына 50гө чукул киши чыгып, талап койгон видео
Белгилей кетсек, бул коронавирус пандемиясынан улам эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерде калган жарандарды кайтаруу ишинин алкагында уюштурулган. Аны президенттин тапшырмасы менен ТИМ аткарууда.

Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды кайтаруу иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Бүгүн эртең менен Катар менен Кувейт мамлекетинен да 107 кыргызстандык кайтып келген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0