Тармактык жабдык. Архив

Интернетти соттун чечими жок эле өчүрүшөт. ЖК элди кантип көзөмөлдөгөнү жатат?

452
(жаңыланган 19:44 14.05.2020)
Эгер мыйзам долбоору ушул калыбында кабыл алынып калса, анда интернет колдонуучулардын үн менен жазылган маалыматтары, жазылган тексттери, сүрөттөрү жарым жылга чейин сакталат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.

Демилгечилери — эл өкүлдөрү Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Мыйзам долбоор тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.

Интернет колдонуучулары, сайт, сайттын баракча ээлери

Мыйзам долбоорунда буларга карата төмөнкү милдеттер көрсөтүлгөн:

  • Юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди жөнөтүп туруу үчүн сайтка же баракчага фамилия жана башка өзү тууралуу маалыматтарын, электрондук дарегин жайгаштыруусу керек;
  • Сайт, сайттын баракчасы жалган же анык эмес маалыматты жайылтуусуна жол бербөө;
  • Тыюу салынган маалыматка кирүүгө чектөө киргизиши зарыл;
  • Маалыматты мыйзамда белгиленген талаптарга ылайыктуу кылып камсыз кылуу шарт.

Интернетти өчүрүп салышабы?

Жалган маалымат аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган провайдерге, сайттын же анын баракчасынын ээсине соттун катышуусу жок эле чектөө жөнүндө чечим чыгара алат. Эгер ыйгарым укуктуу органдын жалган маалыматты алып салуу билдирмесин тоготпой же аткарбай койсо, сайт ээлерине карата ал орган сотко кайрылууга укуктуу.

Үн менен жазылган, тексттик жазуулар жарым жылга чейин сакталат

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, провайдер интернет колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалымат, текст, сүрөт же башка электрондук маалыматтарын алты айга чейин сактап коюусу керек. Зарыл болгон учурда аларды сот, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.

Мыйзам долбоорунун текстин толугу менен Жогорку Кеңештин сайтынан таба аласыздар.

452
Белгилер:
жалган маалымат, интернет-провайдер, сайт, долбоорлор, мыйзам
Тема боюнча
Өкмөт бюджеттин 10,3 млрд сом чыгымын кыскартат. Кайсы тармак кертилет
Кыргызстанда быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды
Чүй облусундагы Оруу-Сай лыжа базасы. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

58
3-декабрга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 3-декабрь күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Талас жергесинде -2…+3, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын облусунда -2…+3 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда жана Ошто +6…+8 градус жылыйт.

58
Белгилер:
декабрь, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин келерки жумада коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнү тапшырды

105
(жаңыланган 23:34 02.12.2020)
2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки жумадан тарта коронавируска каршы масштабдуу эмдөөнү баштоону тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды

​Эске салсак, буга чейин БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөрү айтылган.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
"Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрү маалымдалган. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилмекчи.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

105
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема боюнча
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Путин Кыргызстан, Беларусь жана Карабахтагы окуялар боюнча оюн айтты

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды