Чек арадагы фура. Архивдик сүрөт

Бажы кызматы Кытайга "Торугарт" өткөрмө пунктун ачууну сунуштады

127
(жаңыланган 12:31 15.05.2020)
Кыргыз-кытай чек арасында эки гана өткөрүү пункту бар. Анын бири "Эркеч-Тамда" апрель айынын орто ченинде жүк ташуу иштери кайрадан жанданган болчу.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан товарларды ташып келүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана аларга "Торугарт" көзөмөл өткөрмө жайын ачууну сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.

Кыргыз-кытай чек арасында эки гана өткөрүү пункту бар. Алар "Эркеч-Там" жана "Торугарт". Апрель айынын орто ченинде "Эркеч-Тамда" жүк ташуу иштери кайрадан жанданган болчу

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттардын бири "Эркеч-Тамдын" иши тууралуу сураган.

"15-апрелден бери иштеп жатат. Биз Кытай менен санитардык талаптардын жалпы алгоритмин иштеп чыкканбыз. Бул катаал эреже болгондуктан күнүнө төрт-беш гана автоунаа өтө алат. Биз алгоритмди жөнөкөйлөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону пландап, Кытай тарапка сунуш жөнөттүк", — деди Торутаев.

Андан кийин Торугарт өткөрүү пункту качан ачылары тууралуу суроо берилип, бул ишкерлерди тынчсыздандырган маселе экендигин белгилешкен. Бажы кызматынын башчысы "Эркеч-Тамдын" ачылышы сынамык түрдө экенин айткан. Тагыраагы, санитардык талаптардын канчалык деңгээлде аткарылгандыгын текшерүү маанилүү болгонун билдирген.

"Бир ай өттү, биз Кытайга эки тараптын санитардык талаптары толук сакталып жатат деген маалымат жөнөттүк. Коопсуздук камсыздалууда. Ошондуктан "Торугартты" ачууну сунуштадык", — деди Торутаев.

Эске салсак, январь айынын аягында Кыргызстан менен Кытайдын транспорттук байланышы токтогон.

127
Белгилер:
көзөмөл өткөрүү пункту, бажы, Эркечтам, Торугарт, Кытай
Тема боюнча
Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди. Сүрөт
Продажа угля. Архивное фото

Көмүр кымбаттап жатабы? Кара алтындын баасына саресеп

6
(жаңыланган 14:02 30.10.2020)
Күн сууктап кыш жакындаганы калк да көмүр алууга камылга көрө баштайт. Күн жылуу кезде кара алтындын баасы арзаныраак болгону менен күн сууктаган сайын ортомчулар бааны көтөрө берери белгилүү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги калаадагы айрым көмүр кампаларын кыдырып, республика боюнча көмүрдүн баасын сурап билди.

Ушу тапта Бишкектеги көмүр сатуучу кампаларда Казакстандан келүүчү Каражыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон сатылып жатат. Жеткирип берүү үчүн жолдун алыс-жакынына жараша шаар ичинде 500 сомдон 1500 сомго чейин акча сарптайсыз.

Биз шаардагы айрым кампаларды кыдырган убакта Каражыра көмүрүн саткан кээ бир базалар жабык экен. Ошол жерге келген кардар бул көмүр келери менен эле эл дароо алып кетип жатканын кеп кылды.

Ал эми Шабыркүл көмүрүн сатуучу кампанын жумушчусунун айтымында, быйыл жылдагыга караганда Казакстандан көмүр аз ташылууда. Бирок ал мунун себебин түшүндүрө алган жок.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, быйыл жалпы 2 миллион 460 миң тонна көмүр даяр болушу керек. Анын бир миллион 110 миң тоннасы (480 миң тоннасы даяр) калкка пайдаланууга берилсе, бир миллион 110 миң тоннасы (261 миң тоннасы даяр) ЖЭБге жана 240 миң тонна (140 миң тоннасы даяр) көмүр бюджеттик социалдык мекемелерге сарпталат. Ошондой эле республика боюнча жалпы 710 көмүр кампасы иштеп жатат.

Ушу тапта Кара-Кеченин көмүрү Бишкекке эч үзгүлтүксүз ташылып жатат.

"Кара-Кечеден азыр кесек көмүрлөр казылууда. Күнүнө карьерден 3500 тоннадан 5000 тоннага чейин чыгып, 200-300 машинага жүктөлүп турат. Биз карьердеги казуу иштерин онлайн көзөмөлдөп турабыз. Пандемия маалында, андан кийин басып алуулар болгондо дагы ишти токтотпостон көмүр казуу күнү-түнү жүрүп жатты" , — деди аталган ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташып иштеген Бактияр Айткул уулунун айтымында, ушу тапта Кара-Кечеде таразалар убагы менен иштебей бир аз кыйынчылыктар жаралууда.

"Кара-Кече көмүр кенинде негизинен өздөрүнүн эле машинасы кирип-чыгып иштеп жатат. Эми таразанын түбүнө келип эки күндөй түнөп калган учурлар да болууда. "Бузулуп калды, свет жок" деген шылтоолорду айтып эле ары-бери басып кетишет. Биздей карапайымдарга кыйын эле. Кезекке турсаң деле кароолдо тургандар өздөрүнүн тааныштарын дароо киргизишет. Биз жумалап жатабыз. Ошонун баарына каражат кетип жатпайбы. Мисалга, тамагынын бир порциясы 200 сом. Жардамчы балдарды да ээрчите барууга туура келгендиктен тамагыбызга эле бир топ акча чыгып кетет. Суукта машинаны жылытуу үчүн улам от алдырганыңа да күйүүчү май сарпталат. Ошого карабай, Бишкекке келгенде көмүрдү 3200-3300 сомго чейин дүңүнөн сатып кетип жатабыз. Ортомчулар каалаган бааны коюп жатат. Эгер кезекте тургандагы чыгымды кошсок, элге эле кыйын болуп калат. Ошол себептен аны баага кошкон жокпуз", — деди Бактияр.

Кара-Кечедеги карьерден чыккан көмүрдүн бир тоннасы 1 330 сомду түзүүдө.

"Жол киресин кошкондо Бишкекте көмүрдүн баасы канчага чыгып жаткандыгын айта албайбыз. "Кыргыз көмүр" ишканасы баа саясатын көзмөлдөй албайт. Кампаларды кыдырып чыгып, быйыл былтыркыга салыштырмалуу көмүр сатып алуучулардын саны көп болуп жатканына күбө болдук. Учурда Кара-Кечеден көмүр эч үзгүлтүксүз ташылууда", — деди Зоотбекова.

Шаар ичинде Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин болуп жатат. Ал эми бир кабы 180 сомдон 200 сомго чейин сатылууда. Шаар тургундарынын божомолунда, суук түшсө бул баа дагы өсүшү мүмкүн.

Кара алтындын туруктуу баасын бир дагы мамлекеттик орган ишкерлерге бекитип бербейт. Мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жөнгө салынуучу аймактар башкармалыгынын жетекчиси Сагындык Маматоморовдун бизге берген маалыматы боюнча, бааны көзөмөлдөө үчүн Экономика министрлиги өкмөткө атайын токтомдун долбоорун жиберген.

"Эгер ушул токтом кабыл алынып калса, биз көмүрдүн баасын аныктап, жер-жерлерде наркты коюп беребиз. Бүгүнкү күндө баага көзөмөл жок. Бирок керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамынын негизинде көмүр саткандар менен сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Саткан жеринде сөзсүз түрдө тараза жана көмүрдүн баасы жазылышы керек. Көмүр кампалары жана ташып келүүчүлөргө да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Себеби эртең бирдиктүү баа коюлуп калса, бааны көтөрбөө маселесин алдын ала түшүндүрүп жатабыз", — деди Маматоморов.

Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты

Бишкектеги көмүр сатылган жайлардын даректери:

Ленин району:

  • "Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №1а;
  • "Торг-Синтез" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №59а;
  • Кара-Кече, Мурманск көчөсү,186;
  • "Береке" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, 259;
  • "КЭЧ" ЖЧКсы, Ден Сяопин көчөсү ("Акундун" маңдайы);
  • Гагарин көчөсү, 67;
  • Гагарин көчөсү, 86;
  • Баррикадный туюк көчөсү;
  • Саранск туюк көчөсү;
  • Пушкин көчөсү, 182
  • Алыкулов көчөсү (темир жолдун жанында);

Биринчи май району:

  • Ден Сяопин көчөсү, 451
  • Месарош көчөсү, 100
  • Кайназаров/ Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Щербаков көчөсү, 121;

Свердлов району

  • Фере — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Достоевский көчөсү, 1;
  • Орозбеков — Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Келечек жаңы конушу (мектептин жаны);
  • Ак-Бата ж/к (айланма жолдун жаны, контейнерде сатылып жатат);

Октябрь району

  • "Торго Синтез" ЖЧКсы, Төкөлдөш жаңы конушу, "Аламедин" станциясы.
  • Даректер "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынан алынды.

Ал эми түштүк тарапта калк Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя жана Чоң Алайдан казылып алынган Сары-Могол көмүрүн пайдаланышат.

Ош шаарынын тургуну Жеңиш Жолоев билдиргендей, эл көбүнчө сапаты жакшы Сары-Могол көмүрүн алат.

"Түштүк аймагында көмүр кени көп, бирок жолу алыс болгону үчүн казганга караганда алып келүү бир топ татаал. Ош облусунда Сары-Могол көмүрүнүн тоннасы 5300 сомго туура келген. Азыр суук түшкөнгө байланыштуу 6000 сомго чыгып кетти. Мындан тышкары, сапаты начар көмүрлөр бар. Эл аларды мешти ыштап салат деп анча албайт. Сүлүктүнүн көмүрүн көбүнчө нан жапкандар колдонушат. Кечинде салып койсо чок болуп тура берет. Анын тоннасы азыр 9 миңден 12 миңге чейин жетти. Түштүк аймакта көмүрдүн баасы кымбат болгондуктан көбү электр кубаттуулугу менен отурууга муктаж. Анткени элдин жашоо шарты кыйын болуп турат", — деди Жолоев.

Анын айтымында, Таш-Көмүр көмүрүн көбүнчө Жалал-Абад облусунун тургундары колдонот. Аны Ошко алып келгенде жол киресине бир топ чыгым болгондуктан тоннасы 7000 сомго чыгып кетет.

Ал эми Нарында ушул тапта Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 3500-3800 сомдон сатылып жатат. Ак-Тааладагы Турук кени учурда жабык. Көмүр сатуу менен алектенген Улан Кыштообаевдин айтымында, кар жааганда эле Туруктан көмүр ташылбай калат.

"Себеби жол аябай жаман. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл Туруктун көмүрү начар чыкты. Ошол себептен учурда Бишкекте дээрлик сатыкта жок",  - деди ал.

Негизинен Турук көмүрүнүн тоннасы 4000 сомдун тегерегинде сатылчу.

6
Белгилер:
баалар, Казакстан, Сүлүктү, Кара-Кече, көмүр
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

61
(жаңыланган 13:28 30.10.2020)
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп, ким эмне менен алектенип жатканын аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо, аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы, райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

61
Белгилер:
текшерүү, кызматкер, Тилек Токтогазиев, айыл чарба
Тема боюнча
БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты