COVID-19 инфекциясын дагы 10 киши жеңип чыкты

© Пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүОоруканадагы палата. Архив
Ооруканадагы палата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыккандардын алтоо Бишкектен, төртөө Ош облусунан. Ушуну менен республикада айыккандардын жалпы саны 745ке жетти.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын алтоо Бишкектен, төртөө Ош облусунан.

Республика боюнча бүгүнкүгө чейин жалпы 745 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз. 

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0