Шаардык клиникалык ооруканада дарыгер бейтапты компьютердик томографияга даярдап жатат. Архив

Бишкекте каза болгон кишиге COVID аялынан жуккан. Ал бейтапканада иштечү

328
(жаңыланган 16:44 15.05.2020)
Аталган бейтапканада 14 кызматкерден коронавирус аныкталган. Алардын арасында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси дагы бар.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте COVID-19 табылып каза болгон 55 жаштагы кишиге вирус аялынан жуккан. Жубайы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштечү. Бул тууралуу аталган бейтапкананын жетекчиси Жыргалбек Савданбеков билдирди.

Анын айтымында, каза болгон кишинин жубайы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медик эмес, кадрлар бөлүмүндө иштечү.

"Бул кызматкер коронавирус алгачкылардан болуп табылган медайым менен жумушка бир автоунаада келчү экен. COVID-19 ага ошол медайымдан жугуптур. Андан балдарына, жолдошуна илешип, баары ооруканага жатышкан. Кызматкерибиз, бир кыз, бир уулу оорудан айыгып чыгышты. Тилекке каршы, жолдошу ооруну көтөрө албай каза болуптур", — деди Савданбеков.

Ал бейтапкана боюнча 14 кызматкерден коронавирус аныкталганын айтып, өзү да дартты илештирип алганын кошумчалады. Азыркы тапта ал Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатат. Коронавирус жуктурган кызматкерлердин көбү айыгып чыккан.

Эске салсак, коронавирус жугуп каза болгон дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева да ушул бейтапканада иштечү.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

328
Белгилер:
кызматкер, бейтапкана, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (865)
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

30
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

30
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт
Гүлдөгөн талаа. Архив

Министр: 1-июндан тарта кыргызстандыктар тоо, капчыгай, көлгө бара баштаса болот

62
Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-июндан баштап тоо, капчыгай, көлгө тоскоолдуксуз бара алышат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул датадан тарта аталган жерлерде бардык шлагбаумдар алынышы керек. Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти. Анткени жолдо санитардык-карантиндик посттордон документ текшерип, дене тапты өлчөп калышы ыктымал.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

62
Белгилер:
коронавирус, эс алуу, капчыгай, көл, тоо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?
10 объектини кыдырсаң, ардактуу турист болосуң! Өлкөдөгү өзгөчө сынак
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

0
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

0
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады