Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев

Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп ооруканага түштү. Абалы оор

765
(жаңыланган 17:05 15.05.2020)
Мукар Чолпонбаев ооруканага жаткырылгандан кийин төрт күндөн соң оорлоп кеткен. Жасалма деп алдыруучу аппаратка туташтырылганы айтылды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев жубайы менен ооруканада дарыланууда. Алар COVID-19 жуктургандыгы аныкталган. Маалыматты жубайлардын кызы Нуриля Чекирова тастыктап, чоо-жайын айтып берди.

Ал кээ бир ЖМКлар туура эмес маалымат таратып жатканын белгиледи. Экс-төрага жубайы экөө COVID-19 инфекциясын кайдан жуктуруп алгандыгы белгисиз.

Буга чейин кээ бир маалымат каражаттары Мукар Чолпонбаев аялынан коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткандыгын жазып чыгышкан.

"Ата-энебиздин ооруп калганына бүгүн сегизинчи күн болот. Азыр Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Алгач атам өзүн жаман сезип, жөтөлүп баштаган. Дене табы көтөрүлгөндө үйгө мобилдик топ чакырып, анализ тапшыртсак коронавирус жуккандыгы аныкталды. Андан кийин дароо эле шашылыш түрдө ооруканага жаткырышты. Дарыгерлер апама да дары жазып берип, ПЦР анализ тапшырышы керектигин айтып үйдө калтырып кетишкен. Эртеси апам да өзүн жаман сезе баштаганынан анализ тапшырса, коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырышты. Атам ооруканага жаткан төртүнчү күндөн кийин абалы оорлой баштады. Биз абдан тынчсызданып жатабыз. Себеби ата-энем жетимишке чыгып калган адамдар. Бул вирус жашы улгайып калгандарга опурталдуу экенин уктук. ЖМКлардан ар кандай туура эмес маалыматтарды таратпоосун өтүнөт элем. Чындыгында биздин абалыбызды ушул ооруга кабылып калгандар жакшы түшүнөт", — деди Чекирова.

Ал кошумчалагандай, Мукар Чолпонбаевдин жубайы бейтапканада эмгектенип келген. Ошол себептен буга чейин да коронавируска бир нече ирет анализ тапшырып, баары таза чыккан.

"Үй-бүлөбүздүн атынан жугуштуу илдеттер ооруканасында иштеген медиктерге, жетекчиси Гүлжигит Аалиевге бейтаптарга күнү-түнү кам көрүп жатканына ыраазычылык билдиребиз",  – деди Чолпонбаевдин кызы.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиевге кайрылып, экс-спикер менен анын жубайынын абалын сурадык.

"Мукар Чолпонбаев учурда өзү дем алалбай жаткандыктан, атайын аппаратка кошулуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу оор. Ал эми жубайы жакшы болуп калды. Ал киши жөнөкөй эле палатада дарыланууда", — деди Аалиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты.

765
Белгилер:
Гүлжигит Аалиев, оору, жугуштуу инфекция, коронавирус
Тема боюнча
Бишкекте каза болгон кишиге COVID аялынан жуккан. Ал бейтапканада иштечү
Асрандиев коронавирустун айынан бюджет канча акчадан кур калганын айтты
Мужчина считает доллары США. Архивное фото

Саймаити чет өлкөлөргө 900 млн. долларды кантип чыгарганы айтылды

58
Каражаттын көбү чет мамлекеттерге банктар аркылуу которулган. Мындан тышкары, курьерлер накталай акчаларды да ташып турушкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу ишкер Айеркен Саймаити 937 миллион 807 миң долларды чет өлкөгө кантип чыгарып кеткенин айтып берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Саймаитини өлтүрүү боюнча кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени баяндалган журналисттик иликтөөдө аты аталган Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

УКМК өкүлүнүн айтымында, өткөн жылдын июнь айынан ноябрына чейин журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш жүргүзүп, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Анда интернеттеги бардык кабарлар, банк документтери, Финчалгындоо менен бажынын маалыматтары жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иликтенген.

Самидин уулунун айтымында, 2012-жылдан 2017-жылга чейин Саймаити жогорудагы 937 миллион долларды Кыргызстандын 11 банкы аркылуу которгон. Ал каражаттарды өзүнүн жана жубайы Вуфуля Бумаилияманын, ошондой эле "Абдыраз" ЖЧКсынын атынан салып турган.

Күч түзүмдөрү 932 миллион 736 миң доллар чет элдик эсептерге түшкөндүгүн аныктаган. Ал текстиль буюмдарына, курулуш материалдарына, электрондук товарларга, картонго, келишимдер боюнча карызды төлөөгө, жер тилкеси үчүн алдын ала төлөөгө жана сатып алууга которулганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү мыйзам боюнча бажы декларациясын толтуруу менен каалаган суммадагы акча каражатын чыгарууга уруксат берилгендигин эскертти.

"Курьерлер аркылуу нак акчалар да ташылып турган. Сегиз адамды суракка алганыбызда үчөө курьер болуп иштегендигин тастыктады. Алардын бири Түркияга "Мадина" базарынын каражаты деп 5 миллион доллар которгон. Калган экөө "Кара-Суу" базарындагы ишкерлердин акчасы катары 246 миң жана 82 миң доллардан алып чыгып кетишкен. Суракка алынган башка адамдар бул иш менен алектенбегенин билдирди", — деди Самидин уулу.

Атайын кызматтын анализине ылайык, накталай акчалар кыргыз жана өзбек ишкерлеринин каражаттары болгон.

58
Тема боюнча
УКМК Саймаити менен Абдукадыр акчанын айынан кантип касташканын баяндады
Киши тротуарда бара жатат. Архив

Жыштык чырына тиешеси жок. УКМК Байымбетовдун иштен кетишин түшүндүрдү

43
(жаңыланган 00:16 03.06.2020)
Жыштык чырында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да аты аталган. Өкмөт башчы мындан улам эмгек өргүүгө чыкты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет айрым ЖМКлардын ведомствонун жетекчи орун басары Жакыпбек Байымбетов жыштык чырына байланыштуу кетти деп жазып чыкканын төгүндөдү.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Байымбетовду кызматтан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон. Өлкө башчынын маалымат кызматы ал ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканын кабарлаган.

УКМК Байымбетов кызматкерлери кармалган башкармалыкта иштебегенин айтып, жыштык чырына тиешеси жок экенин белгиледи. Аталган ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

43
Белгилер:
Чыр-чатак, Сооронбай Жээнбеков, ЖМК, УКМК, жыштык
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

16
(жаңыланган 01:05 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

16