Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөсүнө барып, жардам көрсөттү.

Ош шаардык милициясы каза болгон кесиптештерин үйлөрүнө барып эскерди. Сүрөт

231
(жаңыланган 17:08 15.05.2020)
Бүгүн Кыргызстанда кызмат учурунда каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөсүнө барып, жардам көрсөттү. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн кызмат учурунда каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Буга карата шаардык милициянын атайын тобу набыт болгон 13 кесиптешинин жакындарынан кабар алган.

  • Сотрудники ГУВД города Ош оказали помощь семьям погибших милиционеров на службе
    Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөсүнө барып, жардам көрсөттү.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Оша
  • Сотрудники ГУВД города Ош оказали помощь семьям погибших милиционеров на службе
    Бүгүн кызмат учурунда каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Оша
  • Сотрудники ГУВД города Ош оказали помощь семьям погибших милиционеров на службе
    Буга карата шаардык милициясынан атайын тобу набыт болгон 13 кесиптешинин жакындарынан кабар алган.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Оша
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГУВД Оша
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөсүнө барып, жардам көрсөттү.
"Бүгүнкү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал каза болгон кызматкерлердин жакындарын топтоп, сый көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Жагдайды эске алып биз ар биринин үйүнө барып кабар алабыз. Набыт болгон кызматкерлер бүгүн гана эмес, ар дайым эсибизде", — деп айткан Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов.

Ошондой эле маркум милиция кызматкерлерине багышталып куран окулганы айтылат.

231
Белгилер:
кызмат, өлүм, эскертүү, милиция, Ош
Тема боюнча
Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер
Булар да бүгүн майрамдашмак... Кызматта жан берген УКМК кызматкерлери
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

1
Саламаттык сактоо министрилигин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симтому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

1
Белгилер:
анализ, коронавирус, Нурболот Үсөнбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди
Бейтаптын колундагы пульсометр. Архивдик сүрөт

Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди

76
(жаңыланган 10:42 05.06.2020)
Каза болгондордун биринде кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу өнөкөт илдеттери болсо, экинчиси ак кан дартына чалдыккан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын каза болгону айтылды

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.

76
Белгилер:
оорукана, аял, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду
Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты
Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды