Россиядан COVID-19 жуктуруп каза болгон үч мекендештин сөөгү алып келинди

© Sputnik / Евгений Козырев / Медиабанкка өтүүКоронавирус жуктургандары транспорттоо үчүн бокс.Архив
Коронавирус жуктургандары транспорттоо үчүн бокс.Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, сөөктү алып келгендер жолдон бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан. Алардын сапары бир жумага созулуп, келери менен обсервацияга алынган.

БИШКЕК, 15-май— Sputnik. Кечээ Россиядан Ош облусуна коронавирус жуктуруп каза болгон мекендештин сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Ош ОИИБнин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

Анын айтымында, буга чейинки 10 күн аралыгында коронавирус жуктуруп көз жумган дагы эки кыргызстандыктын сөөгү келген.

"Бул үчүнчү учур. Туугандарына кырдаалды түшүндүрдүк. Алар баарын туура кабыл алып, сөөк дароо жерге берилди. Ал эми аны коштоп келгендердин баары обсервацияга жаткырылды", — деди Аширбаев.

Ал сөөктү коштоп келгендер сапар учурунда бир топ кыйынчылыктарга туш болгонун айтып, жолго эле бир жумадай убакыт кеткенин кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Шаардык клиникалык ооруканада дарыгер бейтапты компьютердик томографияга даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каза болгон кишиге COVID аялынан жуккан. Ал бейтапканада иштечү
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0