БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Дүйнөдөгү 140тан ашуун азыркы жана мурунку лидерлер, анын ичинде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев коронавирустун вакцинасы чыккандан кийин аны акысыз таратууга чакырык таштады.
Алар дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө ачык кат жазып кол коюшан. Документти БУУнун ВИЧ/СПИД (UNAIDS) боюнча Бириккен программасы жарыялады.
Анда бийлик жана эл аралык өнөктөштөр коопсуз жана эффективдүү вакцина пайда болгондон кийин тынымсыз чыгып турушуна жана бардык өлкөнүн жашоочуларына бекер таратылышына дүйнөлүк деңгээлде кепилдик бериши керектиги айтылат.
"COVID-19дун вакцинасы кимдир бирөөгө таандык эмес, баары үчүн акысыз болушу керек. Дипломатиялык мааниде айтылган сөздөрдүн кереги жок, бизге азыр юридикалык жактан кепилдик керек", — деп жазылат документте.Ачык кат Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын жыл сайын өтүүчү сессиясын утурлай жарыяланган. Аталган сессия 18-19-май күндөрү көптөгөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин катышуусу менен болот.
Документке дүйнөдөгү 140 саясатчы кол койгон. Алардын арасында Түштүк Африка Республикасынын азыркы президенти Сирил Рамапоса, Сенегал өлкөсүнүн башчысы Маки Саль, Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо бар. Ал эми экс-премьер-министрлерден Гордон Браунду (Улуу Британия), Хосе Луис Родригес Сапатеро (Испания), Хелен Кларк (Жаңы Зеландия), Виктор Януковичти (Украина) кездештирүүгө болот. Ошондой эле Латвиянын мурдагы президенти Вайра Вике-Фрейберга жана экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Жозеф Стиглиц чакырык таштаган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.