Кардиолог жүрөктүн иштөөсүн жакшырткан азыктарды атады

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүБазарда жашылчаларды сатуу. Архив
Базарда жашылчаларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүрөк, кан тамырдын жакшы иштөөсүнө деңиз балыгы да миңдин бири. Аны жумасына жок дегенде эки-үч жолу жеп туруу сунушталат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россиянын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-кардиолог Анна Кореневич жүрөктүн жана кан тамырдын иштөөсүн жакшырта турчу азыктарды атады. Дарыгердин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Кардиологдун айтымында, рационго биринчи кезекте жаңы бышкан жашылча-жемиштерди киргизип, аларды суткасына 400 граммдан көп жеш керек.

"Сабиз, бадыраң, помидор, калемпир жана башка кеңири белгилүү эле жашылчаларды алгыла. Бирок картошканы азыраак жеш керек. Анткени анда крахмал көп, клетчатка аз. Жемиштерден жүзүмдү тизмеден чийип салган оң. Себеби анын курамында глюкоза аябай көп. Бананды ченеп жеген жакшы. Андагы углевод канда глюкозаны көбөйтүп жиберет. Бул жаман. Бир четинен курамында калий болгондуктан пайдалуу", — деген дарыгер.

Россиялык атлет машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолу айтылды
Жүрөк, кан тамырга деңиз балыгы да миңдин бири. Аны жумасына жок дегенде эки-үч жолу жеп туруу сунушталат.

Мындан сырткары жүрөккө пайдалуу азыктардын тизмесине жаңгактын түрү (грек, кедр жаңгагы, кешью, арахис) жана зайтун майы кошулган. Булардын курамында Омега-3 жана Омега-6 майлуу кычкылдар көп.

Дагы бир пайдалуу азык бул — ачуу шоколад (70 пайыздан көп какао кошулган). Бул дагы жүрөк, кан тамыр, нерв системаларынын иштөөсүн жакшыртат. Дарыгер күнүнө 20-30 граммдан ашык ачуу шоколад жеп коюу керектигин айтып, ал ашыкча салмак коштурбай турганын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0