Бүгүн алты киши коронавируска кабылды

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүКан чогултуучу түтүктөр. Архив
Кан чогултуучу түтүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкканы айтылган. Каза болгондордун саны 14.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстан боюнча дагы алты киши коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын үчөө Бишкекте, бири Ош шаарында, Ош облусунда бирөө, дагы бири Баткенде жашайт”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Базарда жашылчаларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кардиолог жүрөктүн иштөөсүн жакшырткан азыктарды атады
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды

Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0