Патрулдук кызматкер Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда жол кыймылын жөнгө салып жатат. Архив

Бүгүн вирус жуктургандар азыраак. Кыргызстандагы кырдаал боюнча тексттик баяндама

602
(жаңыланган 00:18 17.05.2020)
Кыргызстанда өзгөчө абал режими алынганы менен өзгөчө кырдаал режими уланууда. Андыктан көптөгөн чектөөлөр ошол бойдон калууда.

Бүгүн Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Жаңы билдирүү
  • 22:04

    16-май. Коронавирус боюнча күндүн жыйынтык маалыматы

  • 19:19

    Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

    Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.

    Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды

    Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.
    Дагы
  • 19:18

    ТИМ бардык кайдыгер эмес жарандарды биримдикке жана тилектештикке чакырды

  • 17:22

    Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салууга  тиешелүү бийлик органдарына үч күн убакыт берди.

     

    Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов в ходе заседания Республиканского оперативного штаба.

    Жоопкерчилик каралат! Боронов Нарындагы абалды турукташтырууга үч күн берди

    Вице-премьер айрым аймактарда санитардык иштердин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын айтып кейиди.
    Дагы
  • 15:29

    Ленин районунда көп. Бишкектеги оорунун очоктору, баш тарткандар боюнча тизме

  • 12:51

    Кыргызстандагы коронавирус боюнча жалпы статистика

  • 12:12

    Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан колдоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 1118ге жетти. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

     

    Медик толкает кровать пациента COVID-19 в отделение неотложной помощи больницы Луи Пастера в Кольмаре, восточная Франция. 26 марта 2020 года

    Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны миңден ашып, 33 киши каза болду

    Азыркы тапта коңшу өлкөдө оору жугузушу мүмкүн деген шек менен 4 297 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
    Дагы
  • 12:10

    КРде COVID-19 жуктургандардын санынын хронологиясы

  • 12:09

    Бишкекте көз жаруу үчүн келген аялды кабыл алуудан баш тарткан төрөт үйлөрүнүн бир катар жетекчилери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

     

    Беременная мигрантка из Гондураса Ракель Падилья показывает свой живот

    Бишкекте ымыркай өлүү төрөлдү. Кош бойлуу аялды төрөтканалар кабыл албай койгон

    Министрликтен билдиришкендей, буга чейин кош бойлуу аялды кабыл алуудан бир нече төрөткана баш тарткандыгы тууралуу видео тарап, ал боюнча ведомство кызматтык иликтөө жүргүзгөн.
    Дагы
  • 11:09

    Чет өлкөдөн кайтып келген кыргызстандыкты кантип текшеришет? Жооп

    Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЦР-диагностикага анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат.

    Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат.

    Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.

  • 10:38

    Бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар кайсы аймактардан?

    Бишкек ш. – 31
    Жалал-Абад облусу - 5
    Нарын облусу - 2

  • 10:36

    16-майга карата коронавирус боюнча эртен мененки маалымат

  • 10:34

    Акыркы суткада Кыргызстан боюнча дагы 6 киши коронавирус жуктуруп алды

    Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

    “Алардын үчөө Бишкекте, бири Ош шаарында, Ош облусунда бирөө, дагы бири Баткенде жашайт”, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Үсөнбаев.

     

     

602
Белгилер:
видео, Сүрөт, абал, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1476)
Тема боюнча
Бүгүн алты киши коронавируска кабылды