Кыргызстанга чет өлкөдөн жүк ташып келген үч айдоочудан COVID-19 чыкты

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедик айдоочунун температурасын текшерип жатат. Архив
Медик айдоочунун температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөгө оор жүк ташуучу автоунаа менен тактай алып келген Казакстандын бир жаранынан да COVID-19 аныкталган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган алты адамдын үчөө чет өлкөдөн жүк ташып иштеген айдоочулар болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Джордж Вашингтон медициналык бет капчан долларлык купюраларда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Микробиолог: COVID-19 акча аркылуу дагы жугат
Анын айтымында, чет өлкөдөн жүк ташып жаткан айдоочулар да өлкө аймагына киргенден кийин ПЦР-тест менен текшерилип жатат. Ошонун негизинде өткөн суткада үчөөнүн оору жуктурганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары өлкөгө тактай ташып келген Казакстандын бир жаранынан да аныкталган. Ал чек арадан кайра чыгып кеткендиктен Кордай районунун медицина кызматкерлерине маалымат берилген.

Калган үчөө өлкө ичинде коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдар.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери өткөн суткада 3334 анализге лабораториялык изилдөө жүргүзүп, 6 адамдан инфекция  таап чыгышкан.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Коргоочу костюмдагы медициналык кызматкер шаардык клиникада коронавирустун анализи үчүн биоматериал чогултуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0