ЖАМК кызматкерлери түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын комплексте. Архив

ЖАМК абактарда коронавирус пайда болду деген маалыматты төгүндөдү

73
Буга чейин №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталган. Бирок ЖАМКтан билдиришкендей, ал адам канцелярия бөлүмүндө иштегендиктен, изолятор аймагына жана соттолуучуларга жологон эмес.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) интернеттеги №1 тергөө абагынын жана Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды деген маалыматты четке какты.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин №1 тергөө абагынын, Бишкек №47, Степное №2, Ново-Покровка айылындагы №3, Молдовановка айылындагы №27 колонияларындагы кызматкерлер жана госпиталда иштеген 18 медик тест тапшырды. Баарыныкы таза чыкты.

Маалыматка караганда, эгер кимдир бирөөдө вирустун белгиси билинсе, дароо ЖАМК бейтапканасына жөнөтүлөт. Андан обочолонууга же үй карантинине чыгарылат.

"Учурда кызматкерлер жана жаза өтөп жаткандар арасында коронавирус жуктургандар жок. Күн сайын ар бир кишинин дене табы текшерилип турат. Ошондой эле дезинфекциялык иштер уланууда. Буга чейинки интернетте тараган маалымат чындыкка туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталган. ЖАМКтан билдиришкендей, ал адам канцелярия бөлүмүндө иштегендиктен, изолятордун аймагына жана соттолуучуларга жологон эмес.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

73
Белгилер:
маалымат, коронавирус, тергөө абагы, ЖАМК, Бишкек
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (859)
Тема боюнча
Бишкекке келбей тургула! Мэрия башка аймактын жашоочуларынан суранды
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

94
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

94
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

90
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

90
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды