Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар

Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды

238
(жаңыланган 17:57 16.05.2020)
Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.
    Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болууда
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.
    Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.
    Эске салсак, ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.
    Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники районного акимиата, центра Госсанэпидемнадзора, РУВД, МЧС, СЭИ (санитарно-экологическая инспекция) и МТУ  обошли магазины, салоны красоты вокруг Орто-сайского и Ошского рынков.
    Бүгүн аталган топ “Орто-Сай” жана  “Ош” базарларынын тегерегин карап чыгышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болууда

Эске салсак, ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.

Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат.

Бүгүн аталган топ “Орто-Сай” жана  “Ош” базарларынын тегерегин карап чыгышты.

“Көбүнчө сатуучулар маска тагынбайт, кире бериште санитайзерлер жок, болсо дагы бош. Юнусалиев көчөсүндөгү брокерлик клубда санитайзердин ордуна кадимки айнек жуучу каражатты коюп коюшкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми “Ош” базарынын жанындагы уюлдук телефондор үчүн майда-чүйдө саткан дүкөн уруксаты жок эле ачылып алган.

Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарына Эреже бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүүдө. Акыркы үч күн ичинде таптип бузгандарга 228 миң сомдук айып салынган.

238
Белгилер:
санитайзер, айып, бет кап, базар, дүкөн, мэрия, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2249)
Тема боюнча
Бишкекке келбей тургула! Мэрия башка аймактын жашоочуларынан суранды

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

26
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

26
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу
Алма ширеси. Архивдик сүрөт

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

23
(жаңыланган 20:05 26.09.2020)
Адис май ден соолук үчүн маанилүү роль ойной турганын белгилеп, майы кетирилген сүт азыктарын алуу таптакыр эле пайдасы жок экендигин айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Туура тамактануу үчүн колдонгон азыктардын көбүнүн организмге пайдасы жок. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди. 

Анын пикиринде, майлары кетирилген сүт азыктары ден соолукка оң таасирин тийгизбейт.

"Адамга май керек. Ал жок кальций сиңбейт. Ошондуктан майы кетирилген сүт азыктарынын дээрлик пайдасы жок десек болот. Изилдөөлөр боюнча мындай азыктар зат алмашууну кыйындатат", — деген Арина Скоромная.

Ошондой эле эртең менен эрте жемиштерден сыгылган ширени ичпей эле коюуну сунуштаган. Себеби кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетет.

Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады

Диетолог мүнөздөп тамак ичип жаткандарга арналып чыгарылган азыктарды дагы байкап алууга кеңеш берген. Маселен, фитнес-батондордун курамына жана чыгарган ишканага көңүл буруу керек. Адатта пайдалуу делген азыктардын көбүндө кант болот.

23
Белгилер:
адистер, май, ден соолук, азык, диетолог
Тема боюнча
Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек