Терезенин жанында кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жеңем апамды киши ордуна көрбөйт. Чырдан тажаган кыздын каты

2887
(жаңыланган 18:41 16.05.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. Бул ирет апасы менен жеңесинин мамилесинен тажаган кыздын каты жарыяланат.

Саламатсыздарбы! Мен студентмин, Бишкекте 2-курста окуйм. Ата-энем алыскы райондордун бириндеги айылда турат. Турмуштары жакшы эле. Азыр карантинге байланыштуу айылда ата-энемдин жанындамын. Онлайн окуп жатам. Жакындарымдын жанында жүргөнүм жакшы, бирок апам менен жеңемдин мамилесинен тажап кеттим, көкөйүмө көк таштай тийишти. Апама болушуп жеңем менен уруша кетейин десем, кийин ата-энем карыганда төркүнүмө келсем, күйөөмдүн көзүнчө жеңем кагып-силкип батырбай коёбу деп корком. Экинчиден, мен сүйлөсөм эле уруш андан ары күчөчүдөй. Чынын айтсам, мектепте окуп жүргөндө эле мындай көйгөй бар болчу. Апама болушуп жеңем менен айтыша кеткен күндөр болгон.

Апам өзү куулугу жок, сөзгө чоркок, ачуусу келгенде тарс эле бетке айтып салып отуруп калат. Жеңем, тескерисинче, баарын жылма жасайт. Байкем менен атам жокто апам менен абысындай айтышат. Күйөөсү келгенде бөлмөсүнө барып, ыйлап апамды жамандап жатканын да угуп калам. Байкем кээде аялына ишенип алып, апама кыр көрсөтүп калат. Бирок ал деле эки ортодо кыйналса керек.

Апам чай ичкенде артта калып калса, жеңем чай куюп бербей туруп кетет. Ушул убакка чейин бир дагы жолу кийим-кечесин жууп бергенин көргөнүм жок. Мындайча айтканда тоготпойт. Апамдын абалына ушунчалык жүрөгүм ооруйт. Кудайдан "апам карыганда кор болбосо экен" деп тиленем.

Эми экөөнүн урушунун себеби деле күнүмдүк көр оокат. Апам аябай сарамжалдуу аял, жеңем жаш келгенгеби тамак-ашты ысырап кылып көп ыргытат.

"Тамак-ашты сарамжалдуу карма, тигини мындай жаса, муну эмнеге ыргытып салдың?", – деп келинине айтса, ал ага кулак салбайт же тескери жасайт. Ачуусу келген апам урушат.

Жеңемдин дагы бир жерин байкадым, атамдын көзүнчө кыялынын бирин көрсөтпөйт экен. Илбериңки болуп чыга келет.

Үйдө эркектерибиз жокто апам менен ажылдашып айтышып жатса, унчукпай отурганыма өзүмдү да күнөөлөйм. Менден башка бирөө болсо башкача кылмак беле? Кантип?

Мен сүйлөгөндө эле угуп калабы ушул, уруш ого бетер күчөсөчү.

Айлам кеткенде апама "эмне кылса ошо кылсын, унчукпай эле коюңузчу. Бул ага калат, анын оокаты. Өзүңүздү караңызчы", – деп айтам. Бир чети ал деле ушуга чейин жыйган оокатын кантип таштап салмак эле. Аны түшүнүп турам, айласыздыктан айткан сөзүм да. Кийинки кезде апам, байкушум, биринчи унчукпай калчу болуптур. Анысын көрүп да жүрөгүм ооруп кетчү болду. Ким эле энесинин кагуу жеп отуруп калышын кааласын.

Эмне кыларымды билбей калдым. Шаарда жүрсөм деле ушул ой мээмди жеп, жүрөгүмдү оорутат. Мага кеңеш бергилечи.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Кыздын катында илгертен келе жаткан кайнене менен келиндин мамилеси чагылдырылган экен. Эки адамдын ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн келип чыккан уруштан башка үй-бүлө мүчөлөрү да жабыркайт. Мындай кырдаалда алгач кайнене менен келин өздөрү түшүнүшүп, ортодогу мамилесин жумшартпаса, үчүнчү адам эч нерсе кыла албайт. Сиз туура эле кылып жатасыз. Апаңызга бооруңуз ооруп, жан тартып урушка аралашсаңыз – чыр-чатак күчөйт. Анын акыры эмне менен бүтөрүн эч ким айта албайт. Эгерде жеңеңиз менен жеке мамилеңиз жакшы болсо аны уланта бериңиз. Адамдар бири-бирине күзгү. Ортодогу мамиле эки тараптуу чагылышат. Ошентсе да бул үй-бүлөдө өтө олуттуу деле чыр-чатак, талаш жок. Туура байкагансыз. Апаңыз менен жеңеңиз эки башка типтеги адамдар экен. Адатта, энеси менен келинчегинин пикири келишпесе - эркек көп жабыр тартып калат. Ал бирөөсүнүн баласы, экинчисинин өмүрлүк жары.

Мындай көрүнүш ар бир экинчи үй-бүлөдө кездешет. Үй-бүлөнү бузуп салуу бат эле, аны кайра куруу абдан кыйын. Ушундай кырдаалда эки аял тең ойлонушу керек. Болбосо кайнене менен келинди отургузуп алып бирөө түшүндүрсүн же психологдон жеке кеңеш алышсын.

Ага чейин айтарым, келин күйөөсүн жакшы көрүп, аны сыйлап, үй-бүлөсүн барктаса көп нерсеге түшүнүү менен мамиле кылып, энесине дагы жакшы мамиле кылганы туура.

Ал эми каттын ээсине айтарым эч качан апаңызга болушуп чыкпаңыз. Болгону жеңеңиз менен жай отуруп "апама түшүнүү менен жакшы мамиле кыла аласызбы" деп сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Балким, энеңизге тартып, жеңеңиздин жакшы жагын көрө албай жаткандырсыз. Ошондой да болот. Ар бир адамдын күчтүү жана алсыз жагы бар. Адам өзү жакын санаалашынын катасын көрбөй калат. Ошондуктан апаңызга дагы "мен да бирөөнүн үйүнө келин болсом, мага ушинтип мамиле кылса кандай болот?" деп айтып көрүңүз. Ушундай аракеттерден кийин, балким, эки адам түшүнүшүп, бир аз үйдөгү чыңалуу басаңдап калар. Жеңеңиз жаш экен, өзү баарын анализдеп, абалды калчап көрсүн.

2887
Белгилер:
үй бүлө, үй-бүлө, мамиле, психолог, жеңе, кайнене, кыз
Тема:
Психолог менен баарлашуу (123)
Тема боюнча
Эмнелер гана жок. Бишкектиктер арыкка ыргыткан таштандынын видео жана сүрөтү
Ооруканадагы бөлмө. Архив

COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси

6
(жаңыланган 10:42 25.10.2020)
Ооруканаларда мурдагы күндөргө салыштырмалуу орундар азайганы байкалды. Акыркы маалыматтар боюнча, эң көп бош орун Кардиология борбору менен №1 шаардык клиникалык ооруканасында бар.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

25-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 121 бош орун бар.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 17;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 28;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
  • Темир жол ооруканасы — 6;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
6
Белгилер:
бош орундар, дарт, коронавирус, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

43
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

43
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны