Президент Аалы Туткучев баштаган сыймыктуу уул-кыздардын энелерин сыйлады. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба Президента КРПрезидент Сооронбай Жээнбеков атынан элге таанылган сыймыктуу уул-кыздарды тарбиялаган энелерди сыйланды
Президент Сооронбай Жээнбеков атынан элге таанылган сыймыктуу уул-кыздарды тарбиялаган энелерди сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгердин, чек арада окко учкан аскердин, спортчулардын жана өнөр адамдарынын энелерине алкыш айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ийгиликтерди багындырып, элге таанылган сыймыктуу уул-кыздарды тарбиялаган энелерди сыйлады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / Пресс-служба Президента КРМатери успешных и прославленных кыргызстанцев в преддверии Дня матери получили поздравления и памятные подарки от имени Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова.
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова - Sputnik Кыргызстан
1/5
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова
© Фото / Пресс-служба Президента КРМатери успешных и прославленных кыргызстанцев в преддверии Дня матери получили поздравления и памятные подарки от имени Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова.
2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова - Sputnik Кыргызстан
2/5
2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова
© Фото / Пресс-служба Президента КРМатери успешных и прославленных кыргызстанцев в преддверии Дня матери получили поздравления и памятные подарки от имени Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова.
Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева
© Фото / Пресс-служба Президента КРМатери успешных и прославленных кыргызстанцев в преддверии Дня матери получили поздравления и памятные подарки от имени Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова.
Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова - Sputnik Кыргызстан
4/5
Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова
© Фото / Пресс-служба Президента КРМатери успешных и прославленных кыргызстанцев в преддверии Дня матери получили поздравления и памятные подарки от имени Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова.
Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова - Sputnik Кыргызстан
5/5
Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова
1/5
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова
2/5
2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова
3/5
Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева
4/5
Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова
5/5
Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова

Алар мамлекет башчынын атынан Энелер күнүнө карата куттуктоо, эстеликке белек алышканы айтылат.

Төмөндө президент куттуктаган энелер:

  • Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин энеси Сабира Туткучева;
  • Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун энеси Гүлнар Абдраева;
  • 2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова;
  • 22-марттан бери коронавирус менен күрөштүн алдынкы сабында жүргөн, жумушка өзүн толугу менен арнаган, эмгичекти туугандары менен жакындарын көрө элек Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист-врачы Наталья Прыткованын энеси Ольга Прыткова;
  • Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова;
  • Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева;
  • Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова;
  • Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова;

Аты аталган энелерге куттуктоолорун жана белектерин президенттин аппаратынын кызматкерлери жана Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын жетекчилери тапшырган.

Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0