Кайгуул милициянын унаасы. Архив

Бишкекте ит кууган милиционерлердин видеосу. Окуянын чоо-жайы

1135
(жаңыланган 01:14 17.05.2020)
Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынын башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 11-май күнү саат 20:15те болгон. Анда эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Интернетте Бишкектин кайгуул милициясы автоунаасы менен мотоциклчен адамдын артынан үйүнө чейин барып, ошол маалда короодон эки ит чыга калып аларды кууган видео тарады.

Видеороликтин алгачкы бөлүгү иттер милиционерлерди кууп бара жаткан жеринен бүтөт. Андан соң интернетте популярдуу болуп кеткен табыт көтөргөн ганналык бийчилердин видеосу уланат. Бул кадрлар Кыргызстанда гана эмес, россиялык Telegram-тайпаларда дагы тарады.

Колдонуучуларда милиционерлерди ит тиштеген жокпу деген суроо туулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 11-май күнү саат 20:15те болгон. Белгилеген аймакта нөөмөттө турган милиция кызматкерлери карантин учурунда көчөдө жүргөн мотоциклчендин документин текшерүү үчүн артынан барышкан. Бирок ал кирип кеткен короонун эшиги ачык калып, иттер чуркап чыккан.

"Инспекторлор коопсуздук үчүн автоунаага чуркап киришкен. Эч ким жабыркаган жок. Алар видеодогу жарандын документин текшерген соң ишин улантты", — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин жарандык активист Максим Золотых YouТube тармагына окуянын "Карантинде документти кантип текшеришет" деп аталган толук видеосун жүктөдү.

Анда көрүнүп тургандай, инспекторлор чындап эле автоунаасына барып отурат. Иттер ээси чакырып калгандыктанбы, айтор, милицияга жулунбайт.

Инспекторлор анын документин текшерип жатканда, милиция формасын кийген дагы бир киши жеке автоунаасы менен келип калат.

Үй ээси инспекторлор менен болгон сүйлөшүүсүн жаздыруу үчүн камераны алганы үйгө кирет. Милиционерлер башка чакырууга шашып жатканын айтып, кызматтык автоунааны айдап кетип калышат. Ал эми менчик автокөлүк менен келген айдоочу ошол жерде калат.

1135
Белгилер:
видео, милиция, ит, карантин, инспектор, Бишкек
Зомбулук көрсөткөн адам. Архивдик сүрөт

Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

9
(жаңыланган 11:55 05.06.2020)
Аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
"Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.

9
Белгилер:
зомбулук, үй-бүлө, өзгөртүүлөр, мыйзам, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

115
(жаңыланган 11:29 05.06.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симптому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

115
Белгилер:
анализ, коронавирус, Нурболот Үсөнбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди