Кыргызстанда күн качан ачылат? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жамгыр жаап жаткан учурда кол чатыр менен аял. Архив
Бишкекте жамгыр жаап жаткан учурда кол чатыр менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер апта башында республика боюнча бир нече күн катары менен катуу жаан жаап,  аба ырайы 21-майдан кийин гана ачыла турганын билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптанын аба ырайы боюнча божомолун билдирди. Синоптиктердин айтымында, өлкө аймагында 20-майга чейин мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн 21-майдан кийин ачылат. 

18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр нөшөрлөп төгөт.

Күн карама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө аба ырайы өзгөрүп, 50 жылда Сахара чөлүндөй ысыйт. Изилдөө
Айрым жерлерге мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат. Ал эми жайыттарда малды кармоодо сак болууну талап кылат.

17-20-май күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0