Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКадыр түн тозуп жаткан адамдар. Архив
Кадыр түн тозуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Орозо айындагы касиеттүү делген Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сообу миң айга тете делген түндү кантип туура өткөрүп, кандай иш-аракеттерден оолак болуу керектигин диний адистерден сурап көрдү.

Эл көрсүн үчүн эмес. Кадыр түндү адам жалгыз тоссо болот. Ал түнү мусулман обочолонуп түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып өз алдынча Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурай алат.

Вечер Республики Крым в рамках благотворительного проекта Шатер Рамадана - Sputnik Кыргызстан
Сооп алуу үчүн ооз ачыруу кажет эмес. Карантинде орозо кармоо эрежелери
Ушак айтпайт. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылып келет. Андыктан бул түндү инсан жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарып өткөрүүгө аракет кылуусу керек.

Уктап калбайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде ооз жабууга чейин дуба кылып, анан эртең мененки намазды окуп уктаса болот.

Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт. Диний аалымдар мусулмандарды бул түнү жыныстык катнашка баруудан алыс болууга чакырат.

Чогулуп тосконго болбойт.  Мусулман адам дүйнө сөзүн сүйлөп, жакындарын чогултуп шаан-шөкөт кылууга болбойт. Анын ордуна өзүн болушунча ибадатка арнап, жашоодо басып өткөн жолуна, буга чейин кылган иштерине саресеп салганы жакшы.

Сериал көрүп, интернетте отурбайт. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Ал эми интернетте пайдасыз нерселерди көрүп убакытты өткөрүү туура эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0