Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик май айынын соңунан тарта Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттам уюштурулуп турарын баса белгиледи.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россиянын Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 402 мекендеш учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар бар.

"Чартердик рейс менен учуп кеткен мекендештердин ичинен 123ү онкологиялык, бөйрөк, жүрөк оорусу бар бейтаптар, сегизи майып. Мындан сырткары, 34 улгайган адам, 94 кош бойлуу аял, 77 жашы жете элек балдар жана алардын ата-энеси, хостелде жашап жаткан 49 жаран мекенге кетишти. Бардык бейтаптардын тийиштүү документтери болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Обсервационный центр в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
Соль-Илецкиден келип, обсервацияда чуу чыгаргандар тынчыдыбы? Министрликтин жообу
Элчилик чартердик каттам менен кетүү үчүн кезекте дагы 1000ден ашык киши турганын, арасында кош бойлуулар, өнөкөт ооруга кабылган бейтаптар бар экенин баса белгилеп, алардан бир аз чыдап, күтө турууну өтүндү.

"Жогорудагы категорияга кирген кыргыз жарандары май-июнь айларынын ичинде Кыргызстанга жөнөтүлөт. Майдын аягынан баштап Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттам уюштурулуп турмакчы", — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Дипломатияык өкүлчүлүк Оренбург облусунун Бузулук районунда калган кыргызстандыктар боюнча да маалымат берип, азыркы тапта Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселеси чечилип жатканын кошумчалады.

"Бул каттам менен 200дөй жаран мекенге жиберилет. Биринчи кезекте тизмеге оорулуулар, улгайгандар, кош бойлуулар кирет. Азыркы учурда кетчүлөрдүн тизмесин түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ал жакка элчиликтен тажрыйбалуу дипломаттар жөнөп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк Казакстандын чек арасы дагы эле жабык экенин эскертти.

Белгилей кетсек, жакында эле Россиянын Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандык алып келинген.

Коронавирустун кесепети

Бүгүн, 15-майда, Стамбулдан Бишкекке 330 кыргызстандык алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0