Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМи-8 тик учактары. Архив
Ми-8 тик учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2012-жылда Кыргызстан Россиядан жардам иретинде 200 миллион долларлык аскердик техника алары боюнча келишимге кол коюлган. Ушул убакка чейин Бишкекке 126 миллион долларлык жардам берилди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнө тиешелүү "Бук-М1" зениттик-ракеталык комплексин жана Ми-8 тик учактарын Кыргызстанга берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Стратегия жана технологияларды анализдөө борборуна шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Россия "Бук-М1" зениттик-ракеталык комплексинен эки дивизион жана кошумча Ми-8 тик учактарын берери күтүлүүдө. Жакынкы жылдарда Россия Кыргызстанды аскердик-техникалык жактан толугу менен колдой турганы талашсыз", — деп айтылат кабарда.

Россиянын ЖККУнун алкагындагы өнөктөштөрүнүн аскердик потенциалы тууралуу "Союзники" деп аталган докладында Москванын бул өлкөлөр менен болгон кызматташтыгы жазылган.

Пилотсуз башкарылчу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кант" авиабазасында пилотсуз башкарылчу авиация отряды түзүлдү
Мисалы, 2000-жылдан бери Россиянын аскердик окуу жайларында Кыргызстандын 400 офицери, 700 курсанты даярдыктан өткөнү айтылат. Мындан тышкары, 40 улук офицер Россиянын Генералдык штабынын Аскердик академиясынан тажрыйба топтогон.

2012-жылда Кыргызстан Россиядан жардам иретинде 200 миллион долларлык аскердик техника алары боюнча келишимге кол коюлган. Ушул тапта Бишкекке 126 миллион долларга эки Ан-26 учагы, төрт Ми-24В тик учагы, алты Ми-8МТВ тик учагы, эки "Печора-2М" зениттик-ракеталык комплекси, 50дөй БТР-70М жана башка жардамдар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0